.үч.чекит..үч.чекит.

Фейк жаңылыктардын 4 түрү

үч чекит редакциясы
1674
Фейк жаңылыктардын 4 түрү

Сиз фейк жаңылыктардын ар кандай түрлөрү бар экендигин билчү белеңиз?

Алар менен таанышууга чакырабыз:

1. Сатиралык жаңылыктар – кандайдыр бир окуялар же атактуулар жөнүндө жарым-жартылай же толугу менен ойдон чыгарылган окуялар. Сатира, адатта, тамаша түрүндө белгилүү бир көйгөйгө коомчулуктун көңүлүн буруу же шылдыңдоо максатында жазылат.

Орус тилинде «Панорама» жана англис тилиндеги The Onion сыяктуу жалаң гана сатиралык жаңылыктарды жарыялаган сайттар бар. Аталган булактардан алынган материалдар көбүнчө чындык катары кабыл алынып, жаңылык басылмаларында басылып чыккан учурлар да кездешет. Буга окурмандар көңүл бурушу керек, эгер жаңылык күмөн туудурса, анда сатиралык басылмалардан кайра карап чыгууга болот.

2. Кликбейт жаңылыктары – окурмандын көңүлүн дароо өзүнө бурдурган баштемалуу жаңылыктар. Алар сайттын көрүү санын көбөйтүү же акча табуу максатында окурмандарды шилтеме аркылуу өтүүгө үндөйт. Мындай жаңылыктардын аталыштары көбүнчө мазмунуна дал келбейт.

3. Пропаганда – коомдук пикирди калыптандыруу үчүн идеяларды, көз караштарды жана саясий кызыкчылыктарды жайылтуу.

Мындай жаңылыктардын негизги белгилери:

  • маалымат бир тараптуу берилет;
  • автор пропаганда билдирүүлөрүн жок кылган фактылар жөнүндө унчукпайт;
  • оппоненттерди жаманатты кылат, сынчыл ойлуу адамдарды добуш укугунан ажыратат;
  • штамптарды, жек көрүү сөздөрүн, маркировкаларды колдонот жана журналисттик этиканын принциптерин этибарга албайт;
  • тынчсыздануу, коркунуч, кооптонуу же тескерисинче эйфория сезимдерин жаратат, өлкөнүн экономикалык, саясий жана бийлик системасы менен сыймыктанат.

4. ЖМКдагы жаңылыш жаңылыктар – жалган маалымат дайыма эле атайылап жасалбастан, кээде жаңылыштыктан да пайда болот. Андыктан, абройлуу маалымат каражаттарында жарыяланган болсо дагы жана ал булак ишеничтүү болсо дагы, (айрыкча коомдук маанилүү же сенсациялуу) маалыматты башка булактан дагы бир жолу текшерүү маанилүү. Мисалы: Криштиану Роналду пандемия учурунда мейманканаларын ооруканаларга бергендиги жөнүндө «жаңылыктар». 

ЖМКдагы жаңылыш жаңылыктарга дезинформация дагы кирет. 

Жазылыңыздар
Бул макала медиасабаттуулукту арттыруу жана сынчыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүү максатында даярдалган. .үч.чекит. Көрүп, билип, такта! маалыматтык кампаниясы Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен түзүлгөн. Макалалардын мазмуну Internews, Борбор Азиядагы Эл аралык билим берүү Дебат Ассоциациясынын (IDEA CA) жоопкерчилигинде жана Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайт.