

Жашыруун аракет теориясын жактоочулар менен кантип сүйлөшүү керек: ФБР агентинен кеңештер


Вирустун жайылуу мезгилиндеги инфодемия – адамдар фейк жана жашыруун аракет теорияларына оңой ишенип берилип кетчү чөйрө. Стабилдүүлүктүн жоктугу жана тынчсыздануу бизди дүйнөнү кулчулукка айланткысы келген ырайымсыз генийлер жөнүндө укмуштуудай болумуштарга ишенүүгө түртөт. Жашыруун аракет теориялары кээде жөнөкөй маектешүүгө себеп болсо, ал эми кээде вирустун алдын алуу жана аны дарылоодон баш тартуу, коопсуздук нормаларын сактабоо ж.б. коркунучтарды жаратат.
Эгер сизге тааныш же жакын адамыңыз жашыруун аракет теориясына ишенсе жана коопсуздук чараларын көрүүдөн баш тартса, эмне кылат элеңиз? Татаал сүйлөшүүлөргө даярсызбы? ФБРдин мурунку агенти Крис Восстун кылмышкерлер менен жүргүзгөн сүйлөшүү ыкмаларын психологдун кеңештери менен бирге сунуштайбыз.
- Даярданыңыз. Эгер олуттуу сүйлөшүү чечимин кабыл алсаңыз, сүйлөшүп жаткан жашыруун аракет теорияны терең изилдеп, аргументтерди жана далилдерди алдын-ала даярдап алыңыз. Бирок, алган терең билимиңиз адамдын ишенген идеяларын жокко чыгарууга же аны шылдыңдоого укук бербейт. Антсеңиз, эч нерсеге жетише албайсыз, болгону мамилени гана бузасыз.
- Өтө түз мамиле жасабаңыз. Максатыңыз согуш эмес, диалог. Сиз эң жакшы жана позитивдүү ниеттерге ээ болгонуңуз менен, бетке түз айткан тайманбастыгыңыз орой мамиле катары кабыл алынышы мүмкүн. Ошондуктан жайыраак сүйлөп, алгач башка адамды угуп, андан кийин жашыруун аракет теорияларынын түзүлүшү жана алардын кантип иштээри жөнүндө күмөн саноолоруңуз жана билимдериңиз менен бөлүшүңүз.
- Башка адамды сиз менен макул болууга мажбурлабаңыз. Эгер качандыр бир сиздин макулдугуңузду алууга аракет кылган сүйлөшүүгө катышкан болсоңуз, анда мындай маектешүү ишенимдүүлүктү канчалык төмөндөтөрүн билесиз. «Ооба» деп жооп берүү же башка бир макулдашуу адамга кандайдыр бир милдеттенмени же жоопкерчиликти жүктөйт (мисалы, мүмкүн туура эмес көз караштары үчүндүр). Ал эми баш тартуу же «жок» деген сөз адамды жоопкерчилик алууга мажбур кылбайт. «Жок» деген сөздү айтканда адам өзүн корголуу сезет. Эгер сиз иш-аракет жөнүндө талашып-тартышсаңыз жана «бул жаман идеябы?» деген сыяктуу суроолорду берсеңиз, адамга «жок, бул жаман идея эмес» деп жооп берүү оңой болот.
- Башка адамдын сезимдерине жооп кайтарыңыз. Кызуу маектешүүдө «сиз укпай жатасыз» же «уккуңуз келбейт» деген айыптар көп айтылышы мүмкүн. Ишенимди жоготпош үчүн, мындай сезимдерге көңүл буруу абзел. Ал адилетсиз айтылса дагы, бул айыптоого макул болбосоңуз, маектешиңиздин сөздөрүн гана ырастаган болосуз. Эгерде мындай айып коюлган болсо, анда: «Билем, мен сизди укпай жаткандай болдум окшойт. Бирок сиздин ушундай ойдо болушуңузду каалабайм» деп ага макул болгонуңуз сүйлөшүүнү жумшартууга жардам берет.
- Ачык суроолорду бериңиз. Жашыруун аракет теориясы жөнүндө сөз болгондо, сиз эч качан «окуучуну окууга көңүл бурдурууга аракет кылган мугалимдин» позициясын ээлебешиңиз керек. «Кантип», «эмне үчүн» ж.б.у.с. ачык суроолорду бериңиз. Ошондо маектешиңиз өзүн сүйлөшүүнүн кожоюну катары сезет жана сиз өз кезегинде тактоочу суроолорду жана каршылаш аргументтерди келтирүү үчүн өзүңүзгө мейкиндик түзүп аласыз.