

Фандрайзинг же сонун идея болсо, ресурстарды кантип табууга болот


Chevening стипендианты, «Инновация жана лидерлик академиясынын» негиздөөчүсү жана директору Айжан Токтошеванын мастер-классынан негизгилер:
Фандрайзинг (англисче Fundraising) – социалдык долбоорлорду жана кайрымдуулук иштерин жүзөгө ашыруу үчүн каражаттарды жана башка ресурстарды (адамдык, материалдык, маалыматтык ж.б.) табуу процесси.
Фандрайзингдин булагы компания, жеке адамдар, фонддор же мамлекеттик органдар болушу мүмкүн. Ушул булактардын бардыгы каржылык демөөрчү, бартердик негизде демөөрчү, инвестор, грант берүүчү уюм, меценат, донор катарында иштей алышат.
- Донорлор – конкурстук негизде кайтарылгыс каржылык жана техникалык жардам көрсөтүүнү камсыз кылган уюмдар.
- Меценатчылык – жеке адамдардын кайтарымсыз негизде кайрымдуулук жардамы.
- Демөөрчүлүк (спонсорство) – юридикалык жана жеке адамдардын белгилүү бир шарттарда конкреттүү жардамы.
Ресурстарды бере турган бардык субъектилерди «өнөктөштөр» (партнер) деп атоого болот.
Фандрайзингдин жүрүүсү
📌Көйгөйдү же муктаждыкты аныктоо. Бул этапта изилдөө жүргүзүү маанилүү: калк арасында сурамжылоо жүргүзөсүз, статистиканы тактайсыз ж.б. Эгер так маалымат жана факттар болбосо, биринчиден – көйгөйдүү чечүү кыйын болот, экинчиден – каражат берүүчүлөр сизге ишенбейт.
📌Долбоорду иштеп чыгуу. Мында конкреттүү чараларды жана чечимдерди сунуштаңыз. долбоордун тапшырмасы, максаты, иш чаралар планын, керектелүүчү нерселерди, бюджетти түзүп алыңыз. Ошондо сизге демөөрчүдөн кандай колдоо керек болорун түшүнөсүз.
📌Керектөөлөргө карап, фандрайзингди баштаңыз. Жеке адамдарга, бизнес-компанияларга, фонддорго кайрылыңыз.
📌Сиз кайрыла турчу уюмдун же жеке ишкердин потенциалын баалап, картинасын түзүп алыңыз. Ким кандай демилгелерди буга чейин колдоп келген, эмнеге кызыкдар? Аларды анализдеңиз.
📌Долбоорду бир баракка кыскача жазып, спонсорлорго сунуш катарында жибериңиз. Каражатты бүтүндөй эмес, кайсы бир бөлүгүн гана сурасаңыз болот. Анан дагы, тамак-ашка эч качан акча сурабаңыз. Ал суроо менен, мисалы, кейтеринг компанияга кайрылсаңыз болот.
📌Долбоорду туура жабуу. Долбоор өз максатына жеттиби? Каражаттар эмнелерге коротулду? Так, туура отчет бериңиз.
📌Ар бир өнөктөшкө ыраазычык билдирүү абдан маанилүү. Ыраазычылык кат, сертификат же белек тапшыруу менен сиз өзүңүзгө келечекти түзгөн болосуз. Балким ушул эле өнөктөштөр сиздин ишти жактырып, кийинки долбооруңузду да колдоп берет.
Каражат чогултуу стратегиясы
- Потенциалдуу донорду кызыктырган биринчи нерсе – сиз ишке ашыра турган долбоор. Анын маанилүүлүгүн аныктаңыз.
- Питч жазыңыз. Питч – бул долбоорду каржылоого даяр инвесторлорду табуу максатында долбоордун оозеки же визуалдык кыска презентациясын жазуу.
- Демөөрчүлүк сунуштарды жазыңыз. Ар бир спонсорго сиз өзүңүз тараптан эмнелерди бере аласыз?
- Потенциалдуу демөөрчүлөрдү табуу үчүн долбоордун максаттуу аудиториясын аныктаңыз.
- Адамдардын уюмдарга кайрымдуулук кылбагандарынын негизги себеби – бул жөнүндө аларга эч ким айткан эмес. Ошондуктан өзүңүз жана долбоор жөнүндө билдирип туруңуз.
- Жардам кылуу суранычты улам-улам кайталап туруу керек. Бирок суранычты сиз акча суроо катары эсептебеңиз. Идеяны сатып жатам деп элестетиңиз.
Эсиңизде болсун!
Долбоордо стратегия, туруктуу пландаштыруу, коомчулук менен байланыш жана ыктыярчылардын катышуусу жок болсо, фандрайзинг ишке ашпайт.
Толук маалыматты төмөнкү шилтеме аркылуу көрө аласыз.