.үч.чекит..үч.чекит.

Фактчек. Фейкти кантип аныктайбыз?

үч чекит редакциясы
761
Фактчек. Фейкти кантип аныктайбыз?

Фактчек (fact check) – англис тилинен которгондо фактыларды текшерүү, башкача айтканда ар түрдүү ыкмаларды колдонуу менен текст, сүрөт жана видео түрүндөгү маалыматтардын чын-төгүнүн аныктоо дегенди билдирет.

Эгер сизге ачууланткан же шок кылган маалымат келген болсо, дароо эле ал жөнүндө маалыматты өз алдыңызча издей баштаңыз. Бирөөгө жиберүүдөн карманыңыз. Фейк жаратуучулардын максаты ошондо – сиздин эмоцияңызды пайдаланып, жалган маалыматты тезинен жайылтуу.

Фейктерди аныктоодо негизги ачкыч сөздөргө (ключевые слова) таянуу керек. Мисалы WhatsApp аркылуу «Бүгүн түнкү саат 12ден кийин телефонуңарды өчүрүп жаткыла. Зыяндуу бир нерсе болот экен» деген билдирүү келсе, ачкыч сөздөрдү «түнкү саат 12, телефонду өчүрүү, зыян» деп Google же Yandexтен издөө керек. Издөө тилкеден буга окшогон маалыматтар чыгышы мүмкүн. Алар менен салыштырып, кылдат окуп чыгыңыз. Сөзсүз түрдө датасын кароо керек, себеби эски фейктер кайрадан актуалдуу болуп чыга берет. Аларды «зомби-фейк» деп коюшат.

Көп учурда фейк сүрөттөр кишилердин көңүлүн алат. Ал сүрөттүн фейк же чын экендигин аныктоо үчүн төмөнкү куралдарды колдонуу керек:


🔎Google, Yandex издөө системаларында «картинки» бөлүмү бар. Ар бир сүрөттүн өзүнүн дареги болот. Ошол URL дарегин көчүрүп алып, же болбосо сүрөттүн өзүн «картинки» бөлүмүнө жүктөп, ал сүрөттүн качан дагы кайсы жерде колдонулганын билип алса болот.  

🔎TINEYE сүрөттү шилтеме аркылуу издеп табат жана сүрөттүн өзүн да жүктөп тапса болот. Бул ресурста табылган сүрөттөрдү жүктөлгөн датасы жана өлчөмүнө жараша иретке келтирсе болот.

🔎INVID ресурсу TINEYE сыяктуу мүмкүнчүлүктөрдү берет, бирок бул жерде видеону да табууга болот.

🔎Youtube DataViewer аркылуу видеону кадрларга бөлүп көрүүгө болот. Ал кадрларды кайрадан башка ресурстардын жардамы менен дагы кайсыл жерлерде бул кадрлар колдонулгандыгын билсе болот. Ошондой эле бул жерде видеонун жүктөлгөн датасын жана саатын көрө аласыз.

🔎 FotoForensics.com сүрөттө фотошоп колдонулгандыгын аныктайт. Жүктөлгөн сүрөткө эгер фотошоп аркылуу кандайдыр бир элементтер кошулган болсо, ал дароо өңү-түсүнөн билинип калат.

Андан тышкары төмөнкү куралдар да пайдалуу болушу мүмкүн:

👉🏻WebMii социалдык тармактардагы жасалма аккаунттарды чыныгы аккаунттардан ажыратып табууга мүмкүндүк берет, адамдын аты-жөнү боюнча маалыматты издейт. Эгер сиз белгилүү адам болсоңуз, анда сиздин атыңызга катталган фейк аккаунттарды таба аласыз.

👉🏻Pipl.com кызмат тармактагы адамдын «изин» издөөгө арналган. Ага латын тамгалары менен адамдын атын жана фамилиясын киргизүү керек. Система аны социалдык тармактардан издей баштайт.

👉🏻WHOIS домен жана сайттын IP-дарегин, ал кимдин атына жана качан катталганын, каттоочунун жайгашкан жерин жана байланыш маалыматын аныктайт. Ошондой эле, бул жерде башка акысыз домендерди текшере аласыз.

Фейктердин чек арасы жок. Аларды жок кылуу дээрлик мүмкүн эмес. Ошондуктан фейкти аныктаганды үйрөнүү зарыл.

Жазылыңыздар
Бул макала медиасабаттуулукту арттыруу жана сынчыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүү максатында даярдалган. .үч.чекит. Көрүп, билип, такта! маалыматтык кампаниясы Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен түзүлгөн. Макалалардын мазмуну Internews, Борбор Азиядагы Эл аралык билим берүү Дебат Ассоциациясынын (IDEA CA) жоопкерчилигинде жана Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайт.