.үч.чекит..үч.чекит.

Эмне үчүн жарнамага азгырыласыз?

Гүлжан Эшбаева
266
Эмне үчүн жарнамага азгырыласыз?

«Жарнама — бул согуш!»

«Жарнама — аң-сезимге кол салуу!» — дешет. 

Эмне үчүн? Жарнама кишини ынандырып, капчыкты кагып калгысы келерин сиз деле билесиз. Бирок, ага кантип азгырылат экениңизди анализдеп көрдүңүз бекен. Келиңиз, алгач жарнаманын көп колдонулган ыкмалары жөнүндө сүйлөшөлү.

Анын бири — маалымат берүү методу. Бул ыкмада «адамды алдашпайт». Товар, анын функциясы, көлөмү жана пайдасы жөнүндө маалымат берилет. Ошондой товардын бар экендигин билип алышыңызды гана каалайт. Сатып аласызбы же баш тартасызбы өз эркиңизде. Ошондуктан, «батир сатылат» деген жарнаманы көрүп турак-жай алганы шашылып жөнөп калбайсыз.

Ал эми ынандыруу методу көбүнчө агрессивдүү маанайда болуп, продуктка муктаж адамдарга жакшы таасир берет. Бул ыкмада сизди чукул чечим чыгарууга түрткөн ураандар колдонулат. Мисалы, Snickers шоколадынын жарнамасында «Ты не ты, когда голоден!» (Ачка маалыңда сени таанып болбойт) деп айтылат. Муну менен компания ачка маалыңызда өзүңүздү тынчтандыруунун ордуна шоколад сатып алуу пайдалуу деп ынандырат. Ушул эле таттуунун дагы бир чакырыгы: «Не тормози, сникерсни!» (Өзүңдү чектебе, сникерстен!).

Сатып алууга жеткирүү методунда «акция … чейин гана жүргүзүлөт», «Акциянын аякташына … убакыт калды» же «Товардын саны чектелүү» деген чакырыктар колдонулат. Кишиге продуктту сатып алууга жетишүү керектигин кыйытат. Адам акциядан пайдаланууга шашылып, өз каалоосу менен барып товарды сатып алат. Мисалы, бардык товарды арзан баада саткан «Кара жуманы» («Черная пятница») билесиз. Продуктту бир гана күн, арзан баада саткан бул акция жакшы мисалдардын бири.

🔸 Жарнама сөзү орус тилиндеги «реклама» термининин кыргызча которулганы. Орус тилине ал сөз французча réclame (немисче: reklame) сөзүнөн келген. Мааниси «жооп кайтаруу», айрым учурда «кыйкырып чакыруу» (көңүл бурдуруу) деген маанини билдирет.  

Жеке пикирине таянбаган адамдарды жарнамага ишендирүү оңой

Жарнама жасоочуларды кыял-максатты сатуучулар десе болот. Анткени, жарнаманын психологиясы ушундай: товарды сизге өтө пайдалуудай көрсөтөт. Аны сатып алган сиздин жашооңуз жакшы жакка өзгөрөт деп ишендирүү. Башкача айтканда, жарнаманын психологиялык максаты — кыялдарды орундатуу, сизди бактылуулукка «жакындатуу».

Ошондуктан, жеке пикиринен башкалардын пикирин жогору койгон адамдар жарнамага көбүрөөк ишенишет. Себеби, алар өз ою жоктугунан башкалардын сунушуна ачык жана аны бат сиңиришет. Демек, бул кишилерди жарнамадагы буюм болуп көрбөгөндөй пайдалуу экенине ишендирүү оңой. 

  • Ооба, муктаждыкка карай жарнама бардык адамдын көңүлүн бурат. Мисалы, үйүңүздү ремонт кылмакчы болуп, бирок туш кагаз (обои) тандай албай жүрөсүз дейли. Интернеттен дубалга өзү жармашат деп жарнамаланган туш кагазды көрүп калдыңыз. Албетте, аталган жарнама сизди кызыктырат. Бирок, туш кагаз чын эле дубалга өзү жабышат бекен — текшериңиз. Каалооңуз күч болуп турганда сизге сунушталган нерселер жөнүндө көбүрөөк маалымат издеңиз.
  • Сизге керексиз нерсени сатып ала бербеш үчүн өз оюңузга ээ болгонду үйрөнүңүз. Жарнамага эң көп алдангандар — жаш балдар. Мисалы, жаш бала кооз сүрөттүү жарнамадан көргөн оюнчугун алам деп ыйлайт. Бирок, дал ошол буюм ага эмне үчүн керектигин түшүндүрө албайт. Жөн гана ошол нерсеге ээлик кылууну каалайт. Ошол сыңары, сиз да ичиңиздеги «жаш баланы» тизгиндей билиңиз.

Француз тилинде мыкты тартылган, эң эле чындыкка жакын «99 франк» аттуу фильм бар. Анда эмне үчүн жарнама пайда болгону тууралуу эң сонун баяндалган. Тагыраагы, бул фильм телевизор пайда болгондон бери дүйнөдө болуп жаткан окуялар жөнүндө бардык чындыкты көрсөтүп берген. Баса, фильмде айтылгандай, киши өз өмүрүндө «350 миңге жакын жарнама көрөт». Айтор, бул фильм бул жашоодо бүткүл нерсени акчага сатып алса болорун далилдеген. Жада калса башкы каарманды да. 

Бул шедевр фильмди көргүңүз келип кеттиби? Мына, сиз азыр гана жарнаманын курмандыгына айландыңыз. 😁 Ооба, сиз жаман иш жасабадыңыз. Бир буюмду сатып ала калып, акчаңызды коротподуңуз. Бирок, жарнама да ушундай эле принцип менен иштейт. Биз фильмди укмуштуудай сүрөттөгөн сымал сизди абдан кызыктырып, аң-сезимиңизге идея таштап коет. 

Андыктан, уккан-көргөн маалыматты дал ошол учурда анализдеңиз. Өз ойлоруңузга көбүрөөк эркиндик бериңиз. Кимдир бирөө сизди куру убада менен көзөмөлдөшүнө жол койбоңуз. Жарнама сиз үчүн пайдалуу маалымат гана болуп берсин. Кайсы бир нерсени сатып аларда аябай, аябай сынчыл ой жүгүртүңүз. 

Жазылыңыздар
Бул макала медиасабаттуулукту арттыруу жана сынчыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүү максатында даярдалган. .үч.чекит. Көрүп, билип, такта! маалыматтык кампаниясы Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен түзүлгөн. Макалалардын мазмуну Internews, Борбор Азиядагы Эл аралык билим берүү Дебат Ассоциациясынын (IDEA CA) жоопкерчилигинде жана Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайт.