

Эмне үчүн көз караштардын көп түрдүүлүгү маанилүү?


«Кыргызстан дүйнөлүк державага айланышы үчүн эмне кылуу керек?» деген суроого кандай жооп берет элеңиз? Мейли, держава болууну коё туруп, Кыргызстан өзүнүн маселесин чечип алсын дей тургандар чыгар. Анда «Кыргызстанга кандай башкаруу формасы керек?» деген суроону берип көрөлү. Кандай ойлойсуз? Айрыкча акыркы 3-4 айда бул суроонун айланасында кандай гана көз караштар айтылбады. Негизи бул материалда Кыргызстанга керектүү болгон башкаруу формасы жөнүндө сөз кылайын деген ниетим жок. Жөн гана ушул сыяктуу суроолорго берилген жооптордун ар дайым көп болушу керектигине жана мааниси чоң экенине басым жасагым келет.
Көз караштардын көп түрдүүлүгү дегенде кандайдыр бир суроого же маселеге карата бири-биринен айырмаланып айтылган ар кандай жоопторду, ой-пикирлерди түшүнөбүз. Кыстара кетчү жагдай, белгилүү бир маселе боюнча айтылган бардык эле ой-пикирлер пайдалуу, керектүү деп айтуудан алысмын. Эгерде айрым көз караштар адамдарга зыян тийгизсе, андайларды дароо токтотууга аракет кылыш керек. Ал эми адамдардын жашоосун жакшыртууга багытталган көз караштар болсо, аларды колдоп, жайылтуу кажет. Дал ошол пайдалуу көз караштардын көп түрдүүлүгү жөнүндө сөз кылалы.
Күнүмдүк турмуштан бир мисал. Достор же чоочун адамдар менен болобу, эгер дээрлик бирдей ойдо болсоңор, оңой эле тил табышып сүйлөшүп жүрө бересиңер. Мындай учурларда көз караштар бир жерден чыгат жана карама-каршы ойлор дээрлик айтылбайт. Ал эми ошол эле дос-тааныштардын ичинде же башка чөйрөдө сизден башкача ойлонгон адамдар болсо, алар менен сүйлөшүү дайым эле оңой боло бербеши мүмкүн. Кошуласызбы?
Себеби, сүйлөшүп жатып кайсы бир ой-пикириңиз анын көз карашына туура келбей калса, ал каршы пикир айтып, аны менен талаш чыгып кетиши ыктымал. А талаш-тартыш качан чыгат? Туура, качан ар түрдүү көз караштар айтылганда. Ата-бабаларыбыз дагы бекеринен «Талаштан тактык жаралат» деп айтпаган чыгар. Көз караштардын көп түрдүүлүгүнүн маанисине токтолордон мурда «Жохари терезеси» жөнүндө түшүнүп алалы.
Жозеф Луфт жана Харриңтон Ингам аттуу психологдор 1955-жылы адамдардын бири-бири менен болгон мамилесин жакшыраак түшүнүүгө байланыштуу бир ыкманы сунушташкан. Баса, «Жохари» деген курама сөз Жозеф жана Харриңтондун ысымдарынан алынган. Ал ыкма же диаграмма төрт бөлүктөн турат. Анда бир адамдын өзү жөнүндө өзүнө белгилүү жана белгисиз жактары, ошондой эле ал адамдын башкаларга белгилүү жана белгисиз тараптарына басым жасалат.

Өзүнө жана башкаларга белгилүү жактары Ачык чарчыда, өзүнө белгилүү, а башкаларга белгисиз жактары Жашыруун чарчыда; өзүнө белгисиз ал эми башкаларга белгилүү өзгөчөлүктөрү Көрүнгүс бөлүктө; ошондой эле өзүнө да, башкаларга да белгисиз жактары Белгисиз чарчысында жайгашат.
Ар бир чарчынын формасы өзүңүздү өзүңүз канчалык деңгээлде таанып билгениңизге жана башкалар сиз жөнүндө канчалык маалыматка ээ болгонуна карап өзгөрүшү мүмкүн.
Биринчи ачык бөлүктөн баштасак. Бул өзүңүзгө жана башкаларга маалым болгон жактарыңыз (мүнөз, ой-пикир жана жүрүм-турум). Айталы, көпчүлүк учурларда бул чарчыга мүнөзүңүз, иш билги жактарыңыз сыяктуу маалыматтарды киргизишет.
Экинчи бөлүк жашыруун деп аталат. Ага өзүңүз билген бирок башкаларга белгисиз болгон жактарыңыз кирет. Башкача айтканда, бирөөлөргө айтпаган сырларыңыздын, сезимдериңиздин, кыял жана максаттарыңыздын баары ушул чарчыда камтылган. Бирок бул бөлүктүн көлөмү убакыттын өтүшү менен өзгөрүшү ыктымал. Мисалы, эч кимге айтпай жүргөн максатыңызды бирөөгө айтсаңыз, анда ачык чарчынын көлөмү чоңоюшу турган кеп.
Кийинки чарчы өтө кызыктуу. Анткени, көз караштардын карама-каршылыгы жана талаш-тартыштар ушул бөлүктө чыгуусу мүмкүн. Ал Көрүнгүс бөлүгү. Бул чарчыга өзүңүз жөнүндө башкалар билген, бирок өзүңүз билбеген жактарыңыз кирет. (Өзүңүз жөнүңүздө толук маалыматка ээ эмес экениңизди мойнуңузга аласыз да, туурабы? Же бул көз карашка кошулбайсызбы?) Бул чарчыны башка ой-пикирлерге ачык болуп, аларга кулак салып, өзүңүздүн өсүп-өнүгүүңүз үчүн колдонсоңуз утуш сиздики болот. Мисалы, өзүңүз байкабаган кандайдыр бир терс сапатыңыз жумушуңузду натыйжалуу аткарууга жолтоо болуп жатканы ыктымал. Мындай учурда кесиптештериңиздин бири сизге терс сапатыңыз жөнүндө (басынтпай, шылдыңдабай) туура түшүндүрүү менен айтса, аны оңдоп, мыктыраак адам болууга кадам таштай аласыз. Өзүңүздүн сапатыңыз жөнүндө башкалар билген маалыматты сиз дагы биле баштаганда, ачык чарчынын көлөмү дагы чоңоё баштайт.
Акыркы белгисиз чарчысына өзүңүз жөнүндө сиз дагы, башкалар дагы (азырынча) биле элек маалыматтар кирет. Бул чарчыны таануу үчүн буга чейин жасап көрө элек иш-аракеттерди кылып көрсөңүз болот. Эң негизгиси ой-пикирлердин көп түрдүүлүгү дал ушул бөлүктө жатканы айтылат.
Сиз бул бөлүктөргө өзүңүз жөнүндө кайсы маалыматтарды жазмаксыз?
Адамдардын бири-бири менен болгон мамилесин түшүндүрүүгө багытталган бул диаграмма көз караштардын көп түрдүүлүгүнө да түздөн-түз байланыштуу. Кандайча? Биз бардык эле маалыматты билбе бербешибиз мүмкүн. Билсек дагы толук маалыматка ээ болбошубуз ыктымал. Ошондуктан ар дайым билим алууга умтулуп, сабатыбызды ачууга аракет кыла беришибиз керек. «Билгенден биле элегиң көп» дегендей, жаңы маалымат угуп кала турган болсок, аны менен талашып-тартышуудан мурда биринчи орунда келтирген далилине көңүл бөлүү керек. Ынанымдуу жана бекем далили менен болсо, анда ал көз караштын четке какпай, кабыл алуу орундуу.
Көз караштардын көп түрдүүлүгү эмне үчүн керек?
Көз караштардын көп болуусу сөзсүз түрдө пайдасын берет. Алардын ичинен төмөнкү эки пайдасына токтоло кетсек.
🍀Жаңы ой-пикир. Бир көз карашка ар түрдүү өңүттөн талдап, баа бере билүү аны өнүктүрүп, бекемдейт. Кандайдыр бир көйгөйдү чечүү үчүн ар кандай билим жана тажрыйбага ээ болгон бир нече адам бириккенде ар бир ар башка өңүттөрдөн карап, жаңы көз караштарды жаратышат. Бири-биринен айырмаланып турган адамдар берилген тапшырманы аткаруу үчүн өздөрүнүн терең билимин жана такшалган тажрыйбасын колдонушат.
🍀Курч ой жүгүртүү. Айрыкча карама-каршы көз караштар айтылганда, каршылашты талашта жеңип чыгуу үчүн жакшылап даярданууга, бекем жана ынанымдуу далилдерди келтирүүгө аракет кылат. Бул болсо адамдарды терең жана тунук ой жүгүртүүгө үйрөтөт. Анын натыйжасында кабыл алынган чечимдер коом үчүн эле пайдасын берет.
Албетте, ар бир айтылган көз караштын оң жана терс жактары болушу ыктымал. Ошондуктан көз караштардын эң пайдалуусун же болбосо шартка жараша эң аз зыяндуусун кабыл алууга умтулушубуз керек.