.үч.чекит..үч.чекит.

Экстремизм деген эмне?

Элмурат Аширалиев
10103
Экстремизм деген эмне?

Башында эле айта турчу нерсе – экстремизмдин жашы, жынысы, дини жана улуту жок. Эч ким экстремист болуп төрөлбөйт. Анда адамдар кантип экстремист болуп калышат? Биз экстремизм деп аткан нерсе эмне жана анын кандай түрлөрү бар?

Экстремизм латын тектүү сөз. Aзыр англис тилинде кеңири колдонулуп жүргөн «extreme» деген сөз менен түздөн-түз байланышы бар, кыргызчага которгондо акылга сыйбаган, кабыл алууга болбогон же чектен ашкан көз караш, иш-аракет деген маанини туюнтат.

Бул түпкүлүгүндө саясий түшүнүк болуп эсептелет. Ошондуктан дүйнө жүзүндөгү мамлекеттер өздөрүнүн шарттарында ар кандай аныктамаларды берип, ошого жараша иш жүргүзүп келишет. Кыргызстанда дагы «Экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүү жөнүндө» мыйзам кабыл алынып, анда экстремизм кеңири сүрөттөлгөн. Жалпы өзгөчөлүктөрүнүн негизинде экстремизмди кандайдыр бир максатка жетүү үчүн кайсы бир өлкөнүн бүтүндүгүнө жана фундаменталдык баалуулуктарына каршы багытталган көз караштар же иш-аракеттер деп түшүнсөк болот. Ошондуктан экстремизмдин өзөгүндө кандайдыр бир идеология жатат. Ошол идеологиянын негизинде экстремизмге мүнөздөмө беришет. Ал идеологияны диний эле ишеним түзбөйт, ал ар кандай толгон токой ишенимдер, көз караштар (саясий, улуттук, жб) менен толукталышы мүмкүн.

Азыркы күндө экстремизм көбүнесе терс мааниде жана саясий же диний көрүнүштөрдү чечмелөө үчүн колдонулуп келет. Ошондуктан бул материалда ушул экөөнө токтолобуз. 

Экстремизмдин түрлөрү

Зыяндуу жана зыянсыз радикализм сыяктуу эле экстремизмди дагы зыяндуу, тагыраак айтканда, зомбулук камтыган жана зомбулуксуз деп экиге бөлүүгө болот. Кандайдыр бир максатты көздөп, адамдардын тынч жашоосуна бүлгүн салуу, коомго, айлана-чөйрөгө олутуу зыян келтирүү — бул зомбулук камтыган экстремизм (бул кандайдыр бир деңгээлде терроризмге дагы окшошуп кетет. Терроризм боюнча кененирээк кийинки макалада баяндалат). Ал эми зомбулуксуз экстремизм көбүнесе «акылга сыйбаган, чектен ашкан» көз карашты ишке ашыруу үчүн кимдир бирөөгө зыян келтирбейт. 

Тарыхта Махатма Гандини жана Мартин Лүтер Киңди зомбулуксуз экстремисттер деп айтып келишет. Ошондой эле күнүбүздө жашап аткан Малала Юсуфзай дагы Махатма Ганди, Мартин Лүтер Киң сыяктуу инсандардан өрнөк алып, экстремисттерге каршы зомбулуксуз туруштук берип келаткандардын бири.

Малала Юсуфзай – Пакистандык укук коргоочу, аялдардын билим алуусу үчүн күрөшөт.

Аты аталгандардын баары бир максатты көздөшкөн жана аны ишке ашыруу үчүн эч кимге зомбулук көрсөткөн эмес. Өз доорунда Махатма Ганди британ империясына зомбулуксуз каршылык көрсөтүү менен азыркы Индиянын көз карандысыздыгын алууга салым кошкон. Мартин Лүтер АКШдагы расалык теңсиздикти жоюу үчүн зомбулуксуз каршылык акциясын уюштуруп, көйгөйдү чечүүгө аракет кылган. Мартин Лүтер өзү диний ишмер болгону менен көздөгөнү коомдук-саясий жашоодо афроамерикалыктарга тең укуктуулукту алып келүү болгон. Махатама Гандинин дагы, Мартин Лүтердин дагы аракеттери кандайдыр бир деңгээлде «зомбулук камтыбаган саясий экстремизмди» туюнтарын айтсак болот. Ал эми жалпысынан алганда «саясий негиздеги экстремизмдин» түпкүлүгүндө кандайдыр бир саясий көз караш, а «диний негиздеги экстремизмде» — диний ишеним жатат.

Ал эми Малаланын окуясы бир аз өзгөчөлөнөт. Малала өз мекени Пакистанда мектепте окуп, билим алам деген көз карашы үчүн талибандардан ок жеген. Англияда дарыланып, кийин окуусун улантып, «Малала» фондун түптөгөн. Ошондон бери ал кыз-келиндердин билими үчүн күрөшүп келе жатат. Анын эмнеси зомбулуксуз экстремизм? Кези келгенде айта кетели, экстремизм — бул кандайдыр бир деңгээлде өзгөрүп турган, салыштырмалуу түшүнүк.

Малаланын кылганын пакистандык мекендештеринин баары эле колдобошу ыктымал, өзгөчө ага кол салган талибан топтор. Алар тескерисинче, Малаланын кадамын коомдук баалуулуктарга каршы чыккан аракет катары сыпаттаганын байкоого болот. Бирок Малала адамдардын өмүрүнө коркунуч туудурган кадамдарга барып, айлана-чөйрөсүнө зыян келтирип жаткан жок. Ошондуктан анын иш-аракеттери дүйнө коомчулугунун колдоосуна жана ошондой эле Нобелдин Тынчтык сыйлыгына татыган.

Экстремисттер эмнеси менен кооптуу?

Коопсуздук жөнүндө сөз болгондо биринчи эле зомбулук ыкмасын колдонгон экстремисттер эске келет. Жогоруда да айтып өткөндөй, экстремисстик иш аракеттердин тамырында кандайдыр бир идеология жатат. Ал идеология биздин көп түрдүү дүйнөбүздү, татаал бирок ошол эле учурда кызыктуу жашообузду жөнөкөйлөштүрүп түшүнгүсү келген идеология болуп эсептелет. Алардын оюнча, жашоо «ак» жана «карадан» эле турат, же болбосо алар дүйнөнү «алар» жана «биз» деп экиге бөлөт.

Мындай идеологияны кармангандар өздөрүн башкалардан жогору көрүшөт же болбосо жок болуу коркунучунда тургандыгын айтышат. Натыйжада адамдарга коркуу сезимин сиңирип, экстремисттик аракеттерге барууга түртөт.

Аль-Каида уюмунун окуусун эле алалы (Аль-Каида Кыргызстанда тыюу салынган экстремисттик жана террористтик уюмдардын катарына кирет). Ал ислам дини жоголуу коркунучунда турганын, аны коргоп чыкпаса кеч болуп каларын айткан. Бул идеология менен өзүнүн катарына көптөгөн адамдарды тартып, экстремисттик иш-аракеттерде аты аталып келүүдө. А бирок ислам динин бул экстремисттик уюм менен айкалыштыруу, айрыкча чектөө жаңылыштык болуп эсептелет.

Андан тышкары, Экинчи дүйнөлүк согуштагы немистерди алсак. Аларды «арий эли» деген идеология менен суугарып, алар өздөрүн башкалардан жогору көрүп, натыйжада нечен миллиондогон адамдар бейкүнөө курман болду. Биринчи мисалдан «диний», экинчисинен болсо «саясий негиздеги экстремизмди» көрө алабыз. Жогоруда да сөз болгондой, бул эки учурда тең кандайдыр бир максатка жетүү үчүн адам өмүрүнө коркунуч туулуп, айлана-чөйрөгө олутуу түрдө зыян тийип жаткандыктан, мындай аракеттерди болтурбоо үчүн баарыбыз колдон келген аракетибизди жумшообуз зарыл.

Сүрөт Бэнксиге тийиштүү

Жазылыңыздар
Бул макала медиасабаттуулукту арттыруу жана сынчыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүү максатында даярдалган. .үч.чекит. Көрүп, билип, такта! маалыматтык кампаниясы Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен түзүлгөн. Макалалардын мазмуну Internews, Борбор Азиядагы Эл аралык билим берүү Дебат Ассоциациясынын (IDEA CA) жоопкерчилигинде жана Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайт.