

Экстремист жана радикал топтор ислам дининде эле барбы?


Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын маалыматына ылайык, Кыргызстанда 21 уюм террористтик жана экстремисттик* деп табылып, алардын ишмердүүлүгүнө тыюу салынган. Айрымдарынын аталышында «ислам» деген сөздү кездештирүүгө болот. Мындан улам кээ бир адамдарда ислам дини экстремисттик аракеттерге түртөт окшойт деген ой жаралышы ыктымал. Бирок мындай ойду канчалык деңгээлде туура деп айтууга болот? Бул суроого жооп берүүдөн мурда «динде экстремизм барбы?» деген суроого токтоло кетели.
*Экстремизм саясий түшүнүк болгондуктан ар бир өлкө өзүнүн мыйзамдарына таянып аныктама берип, анын негизинде иш алып барары маалым. Экстремизм тууралуу бул материалдан толук таанышсаңыз болот. А бул материалда экстремизм саясий же илимий мааниде эмес, жөн гана түпкү маанисинде — акылга сыйбаган же чектен ашкан көз караш, иш-аракет деген мааниде — колдонулат.
Изилдөөчүлөр диндин бир нече аспекттери бар экенин жана алардын ар биринде экстремисттик аракеттер болуп-болбосун өз алдынча бөлүп кароо керек экенин айтышат. Алар: ишеним (теологиялык көз караштар), сыйынуу (ритуалдык жөрөлгөлөр), коом менен карым-катнаш (социалдык мамилелер) жана саясий башкарууга болгон мамиле.
Биз көбүнчө диний топтордун саясий башкаруу боюнча чектен ашкан (башкача айтканда, экстремисттик) көз караштарына жана аракеттерине көңүл бурабыз. Чечимдердин баарын ошонун негизинде чыгарабыз. Бирок бул диндин аспекттеринин бири гана болуп эсептелет. Андан башка өңүттөрдө дагы диний топтор экстремисттик иш-аракеттерге барышы ыктымал экенин эстен чыгарбоо зарыл.
Ар бирине кыскача токтоло кетели. Ишеним жагынан экстремисттик көз караштарды алсак. Ислам дининдеги «жихад» деген түшүнүктү кээ бир мусулмандар өзүң менен өзүң күрөшүү, жаман сапаттардан арылуу катары түшүнсө, кээ бири мусулман эместерге каршы согуш жарыялоо катары чечмелешет. Ушундай эле көз караштар христиан дүйнөсүндө да бар. «Кудайдын падышалыгы» деген түшүнүктү айрым христиандар жакшылыкка үндөгөн, ырашкерлик орногон, ынтымактуу коом деп түшүнсө, айрымдары күч колдонуу аркылуу чын эле ишенимге таянган кандайдыр бир падышалыкты куруш керек деп ойлошот. Биринчи топтогуларды мелүүн адамдар же орто жолду кармангандар десек, экинчисин чектен чыккандар же экстремисттер деп атоого болот.
Эми сыйынууга байланышкан экстремисттик аракеттерге келсек. Христианчылыктагы пуритан кыймылы башка христиан топторду жетиштүү деңгээлде таза эмес деп эсептөө менен сыйынуу жөрөлгөлөрүн католик үрп-адаттарынан тазалоо керек экенин айтып, ритуалдык экстремизмдин мисалын көрсөтүшкөн. Ислам дининде болсо салафий кыймылы диний жөрөлгөлөргө тийиштүү өзүнүн экстремисттик көз караштары менен белгилүү. Мисалы, диний жөрөлгөлөрдү таза сактоо кажет деген жүйө менен алар мүрзөнү зыярат кылуу же Мухаммед пайгамбардын туулган күнүн белгилөө сыяктуу «жаңы каада-салттарга» каршы болуп келишет.
Диний экстремизмдин социалдык аспекти болсо башка (диний) топтор менен карым-катнашка тиешелүү. Алар өздөрү туш болгон көйгөйлөрдү башкалардан көрүп, ал үчүн башка ишенимдегилерди күнөөлөшөт. Анын натыйжасында башка топторго каршы кастык мамилени калыптандырып, коомчулуктун колдоосуна ээ болууга аракет кылат. Алардан айырмаланып мелүүн диний топтор (орто жолду кармангандар) көйгөйдү ар тараптуу талдоого аракет кылышат жана ал үчүн сокур ишеним, коррупция же болбосо геосаясий кырдаал сыяктуу ички жана сырткы факторлорду дагы көз жаздымда калтырбай эске алууга аракет кылышат.
Эми материалдын башында берилген суроого келсек. Кандайдыр бир динди экстремисттик иш-аракеттер менен байланыштырып атканда, кайсы өңүтү жөнүндө сөз болуп атканын белгилеп коюу зарыл. Айрыкча дүйнөнүн үрөйүн учурган кандайдыр бир террорго мусулмандар аралашып калган учурлар бар. Мындан улам ислам дини жаманатты болуп, мусулман коомчулугунда ар түрдүү пикирлерди жаратууда. Мисалы, Америкадагы мусулмандардын 82% дүйнө жүзүндөгү экстремисттик аракеттерде ислам дининин аты колдонулуп жатканына тынчсыздануусун билдиришкени бар.
Жана ошондой эле экстремисттик көз караштар бардык эле диндерде боло турганын жана бир эле убакта андай аракеттер бир же бир нече аспекттерди камтышы мүмкүн экенин акылга түйүп коюу пайдалуу. Эми төмөндө эки мисалга көңүлүңөрдү буралы.
Atomwaffen Division (AWD) же кыргызчага которгондо «Өзөктүк курал дивизиясы». Нацисттик идеологияга суугарылган экстремисттик бул уюм АКШда негизделген. Алардын түпкү максаты — зордук-зомбулук колдонуп болсо дагы «арий элинин жеңишин» аягына чыгаруу жана улуттук-социалисттик өкмөт куруу. Аталган уюм 2017-жылы АКШнын Шарлотсвил жергесиндеги ашынган оңчулдардын жүрүшүнө каршы чыккандарга кол салуу менен белгилүү болгон. 2020-жылы бул уюмдун айрым мүчөлөрүнө кодулоо жана башка кылмыштар боюнча айып тагылып камалып кеткен. Андан кийин «Өзөктүк курал дивизиясынын» мурдагы мүчөлөрү кайра биригип, National Socialist Order (NSO) «Улуттук-социалисттик тартип» деген уюмду түптөшкөн. Жогоруда сөз болгон идеологияны алар ошол бойдон сактап калышкан жана ошондой эле Британия, Германия сыяктуу Европа өлкөлөрүндө дагы тарапташтарын тапкан. Бул уюмдан экстремизмдин бир нече (саясий жана идеологиялык) аспекттерин өзүңөр дагы байкасаңар керек.
969 Кыймылы мусулмандарга каршы түзүлгөн буддисттердин уюму. Ал Мьянма (мурдагы Бирма) өлкөсүндө Вирату аттуу кечил тарабынан негизделген. 2013-жылдары Мьянмадагы мусулмандарды массалык түрдө өлтүрүп, өзүнүн экстремисттик аракети менен таанымал болгон кыймыл. Түпкүлүгүндө 969 Кыймылы өзүн улутчул деп эсептесе дагы көздөгөн максаты буддизмди сактап калуу. Тактап айтканда, алар мусулмандар буддисттерге караганда көбүрөөк балалуу болуп, буддисттерге таандык мүлктөрдү сатып алууда жана жалпысынан буддизмге коркунуч туудуруп атат деген көз карашта. Аталган уюмдун ишмердүүлүгү Мьянманын ичинде кеңири жайылган менен өлкө ичинде обочолонгон гана абалда иш алып барат. Башкача айтканда, Виратунун кыймылы дүйнөдөгү башка буддист коомчулугунда таасирге ээ эмес. Далай Лама диндин атын колдонуу менен адам өмүрүн алуу «акылга сыйбас» иш экенин жана мьянмалык кечилдерге Буддага кайрылып, жол көрсөтүүнү сурануусун айтканы бар. Бул кыймылдан экстремизмдин теологиялык (ишенимге негизделген) жана социалдык (коомдук мамилеге таянган) аспекттери басымдуулук кылганын байкоого болот.
Жогорудагы эки мисалдан байкагандай, экстремисттик аракеттер дайыма эле динге негизделбей турганын, башка ишенимдерге дагы (саясий, улуттук, расалык, жб) таянышы мүмкүн экенин кошумчалай кетели.
Экстремисттик уюмдар жөнүндө кененирээк маалыматты «Контрэкстремизм долбоорунун» сайтынан алууга болот.