.үч.чекит..үч.чекит.

Доктор Фокс эффекти

үч чекит редакциясы
951
Доктор Фокс эффекти

Сиздин маалыматты кабыл алууңузга аны берип жаткан адам кандай таасир этерин байкаган белеңиз? Адамдар лекциянын мазмуну кандай экендигине карабастан, жөн гана баяндамачы алардын көңүлүнө жаккандыгы үчүн лекцияны позитивдүү баалоосу – «Доктор Фокс эффекти» деп аталат.

Изилдөөлөр

1970-жылы америкалык изилдөөчүлөр Д.Нафтулин, Дж. Уор жана Ф.Донелли эксперимент жүргүзүшкөн. Алар ар кандай чөйрөдөгү адистерди (психологдорду, психиатрларды, социалдык кызматкерлерди ж.б.) «Математикалык оюн теориясы жана анын дарыгерлик билим берүүдө колдонулушу» деген темада лекция угууга чакырышкан. Оюн теориясы жаатында эксперт, математика боюнча бир катар китептердин жана макалалардын автору жана Джон Фон Неймандын окуучусу деп доктор Фокс спикер катары аудиторияга тааныштырылат.

Чындыгында, «Доктор Фокс» бул темада бир гана макаланы окуп чыгып, сүйлөгөн сөзүн алдын-ала даярдап алган актер болгон. Ал өз сөзүндө контекстке алынган макаладагы илимий терминдерди колдонгон. Жалпысынан, лекциянын бардык мазмуну маанисиз жана толук эмес болгон, бирок баяндамачы өтө ишенимдүү жана эң мыкты сүйлөгөн. Лекциядан кийин катышуучулардан лектордун ишин баалоо сунушталган. 55 катышуучунун бардыгы ушул теманы жакшы билишкенине карабастан, лекцияны жакшы кабыл алышкан.

1973-жылы көптөгөн окумуштуулар Д.Нафтулин жана анын кесиптештеринин изилдөөсүн сынга алышкан. Алардын ою боюнча анкета респонденттердин пикирлерин жетиштүү түрдө ача алган эмес. Ошентип, Карнеги-Меллон университетинен Эйял Пеер жана Иерусалимдеги Еврей университетинен Элиша Бабад жаңы изилдөө жүргүзүп башташкан. Алар Д.Нафтулиндин изилдөөсүн кайра кайталап, бирок анкетанын суроолорун толукташкан. Окумуштуулар жүрүм-турум илимдери боюнча ар кандай курстардан келген 247 студентти «Доктор Фокстун» лекциясын угууга чакырышкан, бирок бул жолу жаздырылган лекцияны угузушкан. Жаңы изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча катышуучулар лекцияны дагы да оң деп баалашкан.

Ошентип, Фокс эффектине ылайык, сүйлөөңүздүн мазмунуна карабастан, адамдардын ишенимине оңой эле кире аласыз. Ал үчүн эл алдында жакшы сүйлөй алгандыгыңыз жана оратордук жөндөмүңүз жетиштүү болот.

Фокс эффекти саясатчылар, бизнес-машыктыруучулар, сатуу жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү адистердин арасында абдан популярдуу.

Кантип аныктоо керек?

  • Текшерүү үчүн спикердин айткандарын жазып алыңыз;
  • Баяндамачыга тастыктоочу суроолорду бериңиз;
  • Илимий терминдерди кыйла жеткиликтүү формада которуп көрүңүз;
  • Баяндамачыдан кандай жаңы билимдерди алгыңыз келет – ойлонуп көрүңүз. Алган информацияңыз талабыңызга жооп бердиби?

Көрүп, билип, тактаңыз!

Жазылыңыздар
Бул макала медиасабаттуулукту арттыруу жана сынчыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүү максатында даярдалган. .үч.чекит. Көрүп, билип, такта! маалыматтык кампаниясы Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен түзүлгөн. Макалалардын мазмуну Internews, Борбор Азиядагы Эл аралык билим берүү Дебат Ассоциациясынын (IDEA CA) жоопкерчилигинде жана Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайт.