

Дезинформация эффекти


Дезинформация эффекти – бул эс тутум менен байланышкан когнитивдик бурмалоо. Убакыттын өтүшү менен мурдагы алынган маалыматтарды эпизоддук элестетүү так болбой калганда пайда болот.
Дезинформация эффекти 1970-жылдардын ортосунан бери изилденип келе жатат. Психологдор Элизабет Лофтус жана Джон Палмер жүргүзгөн эки эксперимент – эң белгилүү мисалдар болуп эсептелинет. Алар кандайдыр бир окуяга күбө болгон адамга андан кийин берилген суроолор алардын эс тутумуна таасир этиши мүмкүн экендигин көрсөтүшкөн.
Биринчи экспериментте катышуучуларга унаа кагылышуусун чагылдырган үч башка видео көрсөтүлгөн. Катышуучулардын биринчи тобуна кагылышкан унаа саатына 20 миль, экинчисине саатына 30 миль, акыркы топко саатына 40 миль менен жүрүп кагышкан видеолорун көрсөтүшкөн. Андан кийин, эксперименттин катышуучуларына кырсыкка учураган автоунаанын ылдамдыгы жөнүндө суроо беришкен. Окуяны сүрөттөөнү эске албаганда, берилген суроо баарына бирдей болгон. Айрым сөздөр жеңил кагылышуу болгонун билдирсе, кээ бирлери ири кырсык болду дешкен. Эксперименттин жыйынтыгы көрсөткөндөй, жол кырсыгын сүрөттөө үчүн колдонулган сөздөр видеонун катышуучулары байкаган унаанын чыныгы ылдамдыгына караганда бир кыйла чоң таасирин тийгизген.
Экинчи экспериментте эксперименттин катышуучулары эки унаанын окшош видеосун көрүшкөн. Мында кырсыктын оордугун сүрөттөгөн сөздөр өзгөртүлүп берилген. Катышуучуларга «унаанын сынган айнегин көрдүңөрбү?» – деген башка суроо берилген. Изилдөөчүлөр окуянын канчалык деңгээлде оор болгондугуна жараша катышуучулар автоунаалардын сынган айнектерин көргөндүгүн билдириши мүмкүн экендигин аныкташты. Эки изилдөө тең окуядан кийинки суроо берүүнүн айырмачылыгы биздин эсибизге кандай таасир этиши мүмкүн экендигин көрсөтүп турат. Ал тургай, окуяны баяндоо сөзүн өзгөртүү сыяктуу кичинекей өзгөрүүлөр жалган эскерүүлөрдү жаратат.
Эмне үчүн дезинформация эффекти пайда болот?
Бир нече теориялар бар:
👉Баштапкы маалыматты жана андан кийинки бурмаланган маалыматты эс тутум биргеликте кабыл алат деген түшүндүрмө бар.
👉Туура эмес алынган маалымат эс тутумда сакталган окуянын баштапкысынын үстүнөн кайра жаңырып сакталып калат деген да башка түшүндүрмө айтылат.
👉Туура эмес алынган маалымат актуалдуу болуп эс тутумга жаңы сакталгандыктан, аны оңой эле эстөөгө болот дешет изилдөөчүлөр.
👉Ошондой эле окуядагы баштапкы маалыматтар эс тутумда толук сакталбаган учурларда кийинки туура эмес маалыматтар жетишпеген жерлерди толтуруп, окуянын жалпы картинасына туура келип калат.
Күнүмдүк жашообузда адамдардын эс тутумундагы мына ушундай каталар маанилүү чечим кабыл алууда эске алынышы керек. Эгер сиз кандайдыр бир чечим кабыл алып жатсаңыз же бир иш баштаганы турсаңыз, анда эс тутумуңуздагы маалыматтын туура экендигине ишенүү абдан маанилүү. Өткөн жашообуздагы фактыларды эстөө – бул күндөлүк турмуштагы дезинформация эффектинин эң көп кездешкен сценарийлеринин бири. Мисалы, биз кичинекей кезибиздеги жүргөн жерлерди эстөөгө аракет кылганыбызда, эстегендерибиз факты эмес, жалпы үстүртөн элестөө болуп калат. Демек биздин эс тутумубуз ар дайым эле конкреттүү деталдарды эскерүүгө негизделе бербейт.
Жаңы жана маанилүү маалыматтарды жазып коюу – дезинформация эффектин азайтууга жардам берүүчү стратегиянын бири. Жазып койгон маалыматтарга маал-маалы менен кайрылып туруу – болуп өткөн окуяларды же сүйлөшүүлөрдү майда-чүйдөсүнө чейин эс тутумда жаңыртып турат.
Булагы: Три точки. Знай, что смотришь!