.үч.чекит..үч.чекит.

Чакадагы крабдар теориясы. Бул эмне жана кандайча иштейт?

үч чекит редакциясы
1007
Чакадагы крабдар теориясы. Бул эмне жана кандайча иштейт?

Жумушта кызматтан көтөрүлүү жана чет өлкөгө чыгуу мүмкүнчүлүгү алдыңызда турат дейли, ал эми досуңуз сизди калууга көндүрүп баштайт жана мындан эч кандай жакшы нерсе чыкпасына, ал тургай аракет кылып кереги жок деп ишендирет. Бул жүрүм-турум crab mentality же crab bucket theory – краб менталитети же чакадагы крабдар теориясы деп аталат. Бул эмне болгон теория, эмне үчүн башкалар ушинтип сизди артка тартышат жана бул учурда эмне кылуу керек?

Албетте, ар бир адам жогоруда баяндалгандай кырдаалдарга туш болот. Пландарыңыз же баштаган иштериңиз жөнүндө кимдир бирөө менен бөлүшкөндө, колдоонун ордуна терс мамилеге, пландарыңызды баалабастыкка же басмырлоого кабыласыз. Мына ушундай жүрүм-турумдун өзү краб менталитети – адамдардын өздөрүнүн дүйнө таанымына дал келбеген же өздөрү жетише албаган нерселерге башка бирөөнүн жетүүсүнө жол бербей турган өзүмчүл мамиле. Албетте, чаян сымалдардын буга кандай тиешеси бар деген ой келет. Ал психолог Джон Ройектин жүргүзгөн байкоосундагы крабдардын жүрүм-турумунун өзгөчөлүгү менен байланыштуу.  

Бир жолу балык уулоо сапарына чыкканда ал чака толтура крабдарды кармайт. Краб толгон чаканын ичинде чыныгы драма болуп жаткандыгын байкайт. Крабдардын бири сыртка чыгууга аракет кылып жатыптыр, төмөн жагындагы башка крабдар ага жол бербей, аны артка тартышты. Краб чаканын ичинде жалгыз болгондо, ал жеңил эле чыгып кеткен, бирок жанына дагы кошуп койсо бирин-бири тарта берип чыга алышкан эмес. Ушундай эле жүрүм-турум үлгүсү адамдарга да мүнөздүү экен.

Краб менталитетинин себептери

Чындыгында, крабдар бирин-бири атайылап артка сүйрөп кетүүгө аракет кылышпайт, алар жөн гана сыртка чыгып кетүүгө аракеттенишет. Бул үчүн эң жөнөкөй жогору көтөрүлүү ыкмасын колдонушат, бирин-бири тепселеп жатып, натыйжада бардыгы төмөн кулайт. Ал эми адамдар менен татаалыраак – башкаларды артка тартуусу атайын болушу да мүмкүн, байкабастык менен болушу да мүмкүн. Себептери ар башка болот.

🦀 Өзүмчүлдүк

Эгерде сиздин пландарыңыз башка бирөөнүн пайдасына каршы келсе, анда ал өзүнүн ыңгайына карап, сизге басым жасай башташы мүмкүн. Нарцисстер жана социопаттар сыяктуу психикалык жактан олуттуу бузулууларга ээ болгон адамдар көбүнчө ушундай иш-аракет кылышат.

🦀 Жалкоолук жана өзгөрүүдөн коркуу

Сиздин пландарыңыздын ишке ашуусуна жолтоо болгон аракет каршылашыңыздын өзүнүн ыңгайлуу аймагынан чыккысы келбегендиги, өзүнүн дүйнө таанымын өзгөртүүнү каалабагандыгы менен да байланыштуу. Эгер адам сиздин көп нерсеге жетишкениңизди байкаса, анда мындай жетишкендиктер болушу мүмкүн экендигин моюнуна алышка туура келет.

🦀 Көрө албастык

Башкалардын ийгиликтери көрө албастыкты жаратат. Ал эми ага себеп болбошу үчүн адамдар: «Эгерде мен муну жасай албасам, анда сен дагы жасай албайсың» деген принципке таянып, башкаларды мүмкүн болушунча ийгиликтүү иш-аракеттерди баштабоого үгүттөшөт.

🦀 Өзүнө ишенбөөчүлүк, кемчилигин жашыруу

Краб менталитетинин дагы бир көрүнүшү – бирөөгө (кошунага, кесиптешке, таанышка) атаандашып, өзүнүн кадыр-баркын / акылын / ийгилигин такай далилдеп туруу зарылдыгы.

Өзүңүздөгү крабдык ой жүгүртүүнү кантип таанууга болот?

Жумушта күн сайын кесиптешиңиз менен тамеки чегүү бөлмөсүнө баруу адатыңыз бар деп элестетип көрүңүз. Сизге бул тыныгуулар жагат, анткени күнүмдүк жумуштарыңыздан бир аз алаксыйсыз, сүйлөшүп да жетишесиз. Анан эле күтүлбөгөн жерден кесиптешиңиз тамеки чегүүнү токтоторун айтат.

Ушундай жаңылыктарды укканда жүзүңүздө кандай гана эмоция пайда болбосун, өзүңүз менен чынчыл болуңуз. Сиз эмнени сездиңиз? Досуңуз үчүн чын жүрөктөн кубандыңызбы же эми өз алдынча тамеки тартамбы деген жалгыздык сезимди туйдуңузбу? Досуңузду ушунча жыл тамеки чеккенден кийин эч качан таштай албайсың деп ишендиресизби? Же ага чын жүрөктөн ийгилик каалайсызбы?

Крабдык ой жүгүртүү ар кандай формада болушу мүмкүн, ага туруштук берүү гана эмес, аны өзүңүздөн жок кылуу да маанилүү.

Крабдык менталитеттүү адамга канткенде туруштук берүүгө болот?

Иш-аракеттериңизди четке каккан адам сизге бакыт жана ийгилик каалабайт дегенди билдирбейт, эсиңизде болсун. Балким, анын ичинде карама-каршы сезимдери бардыр.

  • Баарына жагам дегенди токтотуңуз. Канчалык аракет кылбаңыз, баарына жагуу мүмкүн эмес. Башкалардын жолун жолдоого сизге эмне түрткү болуп жатканын ойлонуңуз. Же жалгыз калуудан коркосузбу? Же сизди жаман ойлоп, талкуулап жатат дейсизби? Чыр-чатакты каалабай жатасызбы? Же балким, сизде мыкты окуучунун синдрому барбы?
  • Өзүңүздү жогору баалоого аракеттениңиз. Өзүнө ишенген адамдар үчүн манипуляцияга каршы туруу оңой. Жетиштүү деңгээлде өзүн-өзү баалабаган адамдарга басым жасоо жеңил.
  • Өзүңүздү позитивдүү адамдар менен курчаңыз. Сиз менен бир толкундагы инсандардын катарында болуу маанилүү, антпесе краб толо чаканын түбүнө оңой эле түшүп кетесиз.
  • «Уусун чачкан» адамдардан жана энергетикалык вампирлерден алыс болуңуз. Аларга каршы туруу эч нерсе бербейт, сиз энергияңызды гана жоготосуз. Адатта, мындай адамдар башкаларды теңсинбейт. Башкалар кандайдыр бир ийгиликке жетишкенде, алар өздөрүндө ишенбөөчүлүктү сезишет.
  • Жок деп айтууну үйрөнүңүз. Айрым кырдаалдарда өз көз карашыңызга туруп, маектешиңиз менен келишпей койгон маанилүү. Эгер сиз аны ынандырганга мүмкүнчүлүк болсо, байкап көрүңүз, эгер андай болбосо, анда «жок» деп айтып, теманы жабыңыз.

Краб менталитети – тигил же бул деңгээлде көпчүлүгүбүзгө мүнөздүү болгон универсалдуу көрүнүш. Мындай кыска ой жүгүртүү жагымсыз шарттарда жашаган адамдардын арасында дагы, коомдун жогорку катмарынын арасында дагы байкалышы мүмкүн. Крабдык ой жүгүртүүнү өзүбүздөн да, башкалардан да таанып билүү, анын пайда болушунун себептерин түшүнүү жана аны убагында жок кылуу маанилүү.

Булагы: Experimental Psychic

Жазылыңыздар
Бул макала медиасабаттуулукту арттыруу жана сынчыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүү максатында даярдалган. .үч.чекит. Көрүп, билип, такта! маалыматтык кампаниясы Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен түзүлгөн. Макалалардын мазмуну Internews, Борбор Азиядагы Эл аралык билим берүү Дебат Ассоциациясынын (IDEA CA) жоопкерчилигинде жана Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайт.