

Ч.Айтматовдун чыгармалары окурмандын ой-жүгүртүүсүнө кандай таасир берет?


Бүгүн улуу жазуучу Ч. Айтматовдун дүйнө салганына туура 12 жыл болду. Анын жаркын элесин эскерүү менен бирге, окурмандарыбыздан жазуучунун чыгармалары алардын дүйнө таанымына кандай таасир бергендиги жөнүндө билүүнү чечтик.
Айтматов жана сынчыл ой жүгүртүү
Улуу жазуучу Чыңгыз Төрөкулович Айтматовдун чыгармаларынын бир нече муундагы окурмандардын дүйнө таанымынын калыптанышына кошкон салымы баа жеткис. Анын өткөн кылымда жараткан чыгармаларындагы каармандардын көйгөйлөрү, көз-караштары жана ойлору ушул күнгө чейин актуалдуу. Жазуучу келечекти кандайча алдын ала көрүп, окурмандарына жакындап келе жаткан кырсыктар жөнүндө ойлорун айтып бере алды?
Сөзсүз түрдө, сынчыл ой жүгүртүү жана инсанды терең талдоо Айтматовго адам мамилесиндеги талуу жерлерин аныктоого жардам берди. Эркиндикти сүйгөн козголоңчу каармандары аркылуу жазуучу алардын коомдогу күнүмдүк ролун жана убакытты түшүнүүнүн маанилүүлүгү жөнүндө айтып берди. Кемелерге туура жолду көрсөткөн түн жарымындагы маяк сыяктуу, Эдигей («Кылым карытар бир күн» романы), Танабай («Гүлсарат» повести ), Бостон жана Авдий («Кыямат» романы), Дуйшөн («Биринчи мугалим» повести) айланада эмне болуп жаткандыгын түшүнүү үчүн негиз катары сынчыл ой жүгүртүүнү колдонушат.
Эске салалы, «Кылым карытар бир күн» романынын каарманы Эдигей ээн калган темир жол бекетинде өмүр бою иштеп, жалпынын жыргалчылыгын өз тагдыры катарында көрөт. Ошондуктан өзүнүн иш-аракеттери үчүн гана эмес, айланасында болуп жаткан окуялар үчүн да жоопкерчиликти алууга даяр. Ал өзүнүн бардык аракети жана каалооcу менен дүйнөдө гармонияны сактоого жана бул жашоодо эч кимге жаман болбошу үчүн аракеттенет.
Же «Кыяматтагы» диний семинарияга тапшырган Авдий Каллистратовду алалы. Болочоктогу дин кызматчы өз классташтарынан көп кылымдык чиркөө догмаларына туш болбогон эркин ой жүгүртүүсү менен айырмаланат. Авдий кудайды издеген көз караштарын ачык айткандыгы үчүн, келечектен үмүттөндүргөн бул окуучуну семинариядан чыгарышып, «жаңыланган еретик» деп аташат.
Айтматовдун чыгармаларындагы ушул жана башка негизги каармандар ой жүгүртүү эркиндиги жана түбөлүктүү суроолорго жооп издөөсү менен айырмаланат. Алар белгиленген догмалардан, ишенимдерден шек санап, айланадагы адамдардын аң-сезимин өзгөртүүгө аракет кылышат.
Бул адамдык сапаттар бүгүнкү күндө да актуалдуу. 21-кылымда, жогорку технологиялар доорунда адамдар күн сайын маалымат агымына туш болушат. Пайдалуу жана керектүү маалыматты табуу, чындыкты калптан айырмалоо, провокацияга алдырбоо, сынчыл ой жүгүртүү – бул, менимче, Айтматов өзүнүн каармандарынын образдары жана аракеттери аркылуу үйрөтүп жаткан нерсе. Сынчыл ой жүгүртүүчү адамды алдоо кыйын эмеспи, анткени ал логикалык каталарды жана ой жүгүртүүдөгү ар кандай карама-каршылыктарды оңой таап алат. Сынчыл ой жүгүртүүнү өркүндөтүү мүмкүн жана ал абдан керек. Ал чоң маалымат агымында багыт болуп, келген маалыматтан шек саноого жардам берет. Ар кандай суроолорду берип, күмөн саноо зарыл. Идея, билдирүү же ой канчалык татаал болсо, ошончолук көп суроолор пайда болушу керек.
«Тынч албаган рух»
Чыңгыз Айтматов жана анын чыгармалары жөнүндө ой талкуу оңой эмес. Анын китептеринин баракчаларын ачкан сайын, портреттеринин жанындагы тырмакчага алынган учкул сөздөрү менен айткандарын окуганда, интервьюсун же замандаштарынын ал жөнүдө пикирлерин укканда, ал инсандын укмуштуудай чексиздигин жана күчүн дагы бир жолу түшүнөсүң. Көптөгөн улуу жазуучулар жана ойчулдар сыяктуу эле, анын генийлиги анын бардык чыгармаларында көптөгөн өз ара байланышкан сюжеттер, тагдырлар жана мезгилдер жатканында. Ар бир чыгармасы жашоонун түбөлүктүү баалуулуктарына негизделген: сүйүү, сулуулук, табият, музыка, эс тутум жана адамдын абийири. Акыркыны ал «Адамдын эң негизги сапаты» деп атаган, анткени абийир – бул Кудайдын үнү.
Советтик «Кругозор» журналына берген интервьюсунун биринде Айтматов өзүнүн окурманынын кандай болушун каалаарын айтып, аны «изденүүчү адам» деп атаган. Башкача айтканда, ар дайым чындыкты билгиси келген жана өз баалуулуктарынан баш тартпаган, биринчи кезекте өзү ишенген чындык үчүн күрөшкөн абийирдүү адам деп атаган. Менин оюмча, бул айтканы анын ким үчүн жана эмне үчүн жазгандыгын билдирет.
Айтматовдун ар бир сөзү бизди өзүбүдүн ички абийирибизге: ой жүгүртүүгө, дүйнөгө кенен жана бийик кароого, жалган идеялардын, стереотиптердин, адилетсиздиктин жана калптын туткунуна болуп калбоого, рухубузду өрчүтүүгө жана ким экенибизди эстеп жүрүүгө чакырат. Кудайды издөөгө жөнөгөн Авдий Каллистратов «Менин чиркөөм ар дайым менин жанымда болот. Менин чиркөөм – бул мен...», – деп айткан. Балким ошол ойлор Аселде да болуп, ал тайманбастан сүйүктүүсү Ильяс менен бакытын көздөй артына кылчайбай туруп, жүк ташуучу унаага түшкөн; аксаган солдат Даниярдан сүйүүсүн жана бактысын тапкан Жамийлада да ушундай ойлор болгон үчүн, Данияр менен «башка жашоого» аттангандыр.
«Тынч албаган рух» темасы субъективдүү жана чексиз, ошондуктан Айтматовдун каармандарынын ар бири муну өз башынан ар башкача өткөрүшөт. Космос мейкиндигинде жашаган монах Филофей адамзаттын башына келүүчү апокалипсис маселесин ойлонуп кыйналат. Адамдын жаратылыш менен болгон мамилеси жана ата-бабалардын руханий адеп-ахлак мурастары менен байланышкан теманы карыя Момун жана анын небереси «Ак кеме» романында чагылдырат, ал эми азыркы жашоо менен байыркы тарых жана алыскы фантастикалык келечектин күрөшү, ошондой эле тарыхый эс тутумун жоготкон «манкурттар» темасы «Кылым карытар бир күн» романында көтөрүлөт.
«Биринчи мугалимдеги» ишеним жана эрк темасы, Раймалы жана Бегимай жөнүндөгү «Махабат дастанындагы» музыка жана берилгендик, Толгонай апанын рухунун укмуштуудай күч-кубаты жана чоң умтулуулары, ошондой эле «Эрте келген турналардагы» сүйүү темасы... Эгерде бул суроолор окурмандардын рухунун тынчын албаса, анда Айтматов буларды эмнеге жазды?!
«... ар бир адамдын кутулгус милдети бар – бүгүн, эртең, ар дайым адам болуу» – деп мугалим ар бир жолу кайталайт. Бүгүн, анын көзү өткөн күндө, анын эң маанилүү осуятын эстегим келет: «Күн сайын адам болуу». Эч качан руханий дүйнөнү жана инсандыкты өркүндөөтүүнү токтотпостон, түбөлүктүн түгөнгүс кыймылын чагылдырган акыл жана абийирдин негизинде жашоо керек.