.үч.чекит..үч.чекит.

Боттор коомдук пикирди кандай манипуляциялашат

үч чекит редакциясы
739
Боттор коомдук пикирди кандай манипуляциялашат


Боттор кандай иштейт?

Боттор интернетте жасалма аккаунттардын атынан иштешет. Алар кадимки катардагы колдонуучулардын кылгандарын туурашат. Алар дайыма окшош иш-аракеттерди кайталашат: керектүү комментарийлерди жарыялашат, тема боюнча талкууга катышышат жана бир эле позицияны билдиришет. Адамдар аларга ишенип «көпчүлүк ушундай ойлойт» деп ойлоп башташы мүмкүн. Мына ошентип, боттор кандайдыр продукт же иш-чара жөнүндө коомдук пикирди жаратып, шайлоонун жүрүшүнө таасирин тийгизишет, саясатчылардын жана кардарлардын имиджин калыптандырышат, же алардын оппоненттерин жана атаандаштарын сындашат, же сиздин жеке маалыматтарыңызга ээ боло алышат.

Борбордук Азиядагы боттор

📌Казакстанда фейк аккаунттагы боттор өлкөнүн ички саясаты жөнүндө оң пикирлерин же өкмөттүн иш-аракетин сынга алгандар жөнүндө терс пикирлерин жазышат. Социалдык тармактарда аларга «Нурботтор» деген ысым берилген. Адатта боттор өлкөдөгү маанилүү окуялардын учурунда же анын алдында активдеше башташат. Мындай «комментаторлордун» дээрлик бардык аккаунттары бир эле схемага ылайык иштейт: сүрөтү Вконтактедеги орус жана кыргыз сегменттеринин колдонуучуларынан уурдалган, баракчаларында посттор дээрлик жокко эсе, болсо да өтө аз. Алар бирдей мазмундагы комментарийлерди жазышат, адатта, азыркы бийликти макташат.

📌Мындай боттор Кыргызстанда дагы бар, бирок аларды көбүнчө «тролль» же «фейк» деп аташат. Бот чабуулунун акыркы мисалдарынын бири – кыргыз бажысындагы көмүскө схемаларды иликтөө. 2019-жылы социалдык тармактарда иликтөө жарыялангандан кийин Бажы кызматынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду колдогон маалыматтык кампания ишке кирген. Жогорку кызматтагы чиновникке карата жазылган оң пикирлер 2019-жылдын 1-майынан кийин, башкача айтканда, иликтөө пайда болгондон кийин жарыялана баштаган. Бул профилдердин көпчүлүгүнүн аватарындагы сүрөтүндө жаратылыштын, жаныбарлардын жана балдардын сүрөттөрү болгон, ал эми баракчаларында репосттор гана бар болчу.

📌Тажикстанда да боттор азыркы өкмөттү колдоп комментарий жазышат. Социалдык тармактарда аларды «жооп бергич ферма» деп аташат. Мындай аталыш социалдык тармактарга чейин эле мурун пайда болгон. Гезиттеги сын макаладан кийин эле, кийинки санында кандайдыр бир каймана ат менен сынга жооп пайда боло калчу. Авторлуктун жоктугунан, журналисттер мындай материалдарды «жооп фабрикасы» деп аташкан, социалдык тармактар ​​пайда болгондон кийин «жооп бергич ферма» деп аты өзгөргөн.

Ботту кантип аныктоого болот?

  • Кыска убакыттын ичинде көптөгөн постторго ээ болгон жаңы ачылган аккаунт башка постторду жайылтуу жана жарнамалоо, ал жерге комментарий калтыруу, лайк коюу ж.б. үчүн түзүлгөндүгүн айгинелейт;
  • Баракта бир гана сүрөт бар;
  • Боттордун катталуучуларына караганда өздөрү көбүрөөк катталышат;
  • Катталган жазуусундагы контенттеринде кайталанган хэштегдери менен бирдей маалыматтар камтылган;
  • Боттор эч качан жалгыз иштебейт, алар баары бирдей билдирүүлөрдү жазышкан команда менен иштешет.

Албетте, кээ бир адамдар ботторго окшошуп кетиши мүмкүн, ал эми боттор, тескерисинче, чыныгы колдонуучулардай ишенимдүү көрүнөт. Кээ бир боттордун катталганына бир нече ай, ал тургай бир нече жыл болушу мүмкүн. Бул убакыт аралыгында алардын досторунун тизмеси көбөйүп, билдирүүлөр жарыяланат. Ал тургай, верификацияланган аккаунттар да фейк болуп чыгышы мүмкүн экендигин белгилей кетүү маанилүү. Ошондуктан ботторду айырмалоо ар дайым эле оңой боло бербейт.

Көрүп, билип, тактаңыз!

Жазылыңыздар
Бул макала медиасабаттуулукту арттыруу жана сынчыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүү максатында даярдалган. .үч.чекит. Көрүп, билип, такта! маалыматтык кампаниясы Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен түзүлгөн. Макалалардын мазмуну Internews, Борбор Азиядагы Эл аралык билим берүү Дебат Ассоциациясынын (IDEA CA) жоопкерчилигинде жана Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайт.