.үч.чекит..үч.чекит.

Борбор Азиядагы коронафейктердин* топтому

үч чекит редакциясы
1164
Борбор Азиядагы коронафейктердин* топтому

*Коронафейк – коронавирус жөнүндө жалган маалыматтар.

Пандемия учурунда Covid-19 жөнүндөгү имиштер жана дезинформация коомчулукту дүрбөлөңгө салган учурлар кездешет. Борбор Азиядагы коронавирус жөнүндөгү кеңири тараган фейктер жөнүндө баяндамакчыбыз.

Вертолеттор жана дезинфекция

«Бүгүн Нур-Султанда саат 23.00 дөн таңкы 5.00 гө чейин вертолеттор дезинфекциялоо үчүн дары чачышат, терезелер жана балкондор жабык болушу керек, 23.00 дөн кийин көчөдө калууга болбойт», – деп аскер бөлүгүнөн билдиришти.

Мындай маалымат WhatsApp мессенджери аркылуу казак тургундарынын арасында кеңири тарады. Казакстандын Саламаттыкты сактоо министрлигиндеги товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн коопсуздугун көзөмөлдөө комитетинде бул маалымат төгүндөлдү. Ушундай эле фейктер Кыргызстандын, Россиянын жана Украинанын шаарларында да кеңири таралган.

Ата-энелерге айыппул салынат

Кыргызстандагы жана Казакстандагы ата-энелерди кооптондурган айыппул жөнүндөгү маалымат – бул дагы бир фейк.

«Коопсуздук үчүн эртеңден баштап мектептерде рейд иш-чаралары жүргүзүлөт! Кокустан бала кошумча сабак же ийрим сыяктуу кандайдыр бир себептер менен мектепте калган болсо, анда мектеп жазаланат. Дүкөндөрдөн, автобустан, көчөдөн балдар табылса, ата-энеси айыппул төлөйт».

Бул фейк WhatsApp мессенджеринин мектеп чаттарында таркады. Бул маалыматты Кыргызстандын жана Казакстандын Билим берүү министрлигинин өкүлдөрү четке какты.

Шылуун дезинфекторлор

«Дезинфектор сыяктуу кийинген шылуундар газ баллондору менен тургундарды ууландырып, үйлөрүн тоноп кетип жатат» 

Мындай аудиобилдирүү Алматы шаарынын жашоочуларын дүрбөлөңгө салды. Алматынын полиция департаменти бул маалыматты четке какты. «Бул таптакыр жалган маалымат. Ал фейкти тараткандар коомдо негизсиз дүрбөлөң жана коркунуч жаратуу максатын көздөшкөндөрү анык. Ошондуктан, бул жалган маалыматты тараткандар сөзсүз аныкталат жана жоопкерчиликке тартылат», – деп департаменттин расмий өкүлү Салтанат Азирбек билдирди.

Таажы вирусу менен ооруган чет элдик жаран

WhatsApp мессенджеринде дагы бир кеңири таркаган маалымат коронавирус менен ооруган чет элдик жарандын Түндүк Казакстан облусуна келиши жөнүндө болду. Билдирүүдө ал кишинин аты-жөнү, туулган жылы жана ооруканага кайрылган дареги көрсөтүлгөн. Түндүк Казакстан облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирүүнү төгүндөдү.

Эксперттер ошондой эле киберчабуулдардын өсүшү жөнүндө эскертет. Коомдун дүрбөлөңдүү абалын пайдаланып, алдамчылар ар кандай амалдарды ойлоп табышууда. Алар Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маанилүү деп эсептелген маалыматтарын таратып, белгисиз шилтемени басууну суранышат. Мына ушундай жолдор менен алар жеке маалыматтарды жана төлөм маалыматтарын уурдашат. Ошондой эле алар жасалма кайрымдуулук иштерине салым кошууга, онлайн режиминде медициналык маскалар жана антисептиктерди жана башка көптөгөн нерселерди сатып алууга үндөшөт. 

Эсиңизде болсун:

  • Маалымат алуу үчүн расмий булактарга гана кайрылыңыз.
  • Мессенджерлер жана социалдык тармактар ​​аркылуу алынган бардык маалыматтарды ишенбөө менен кабыл алыңыз жана бул жөнүндө жакындарыңызга айтып бериңиз.
  • Такталбаган маалымат менен бөлүшпөңүз.

Билип туруп жалган маалымат таратуу кылмыш жоопкерчилигине алып келерин эсиңизден чыгарбаңыз.

Жазылыңыздар
Бул макала медиасабаттуулукту арттыруу жана сынчыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүү максатында даярдалган. .үч.чекит. Көрүп, билип, такта! маалыматтык кампаниясы Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен түзүлгөн. Макалалардын мазмуну Internews, Борбор Азиядагы Эл аралык билим берүү Дебат Ассоциациясынын (IDEA CA) жоопкерчилигинде жана Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайт.