

Сиздин көрүп, билгениңиз чөйрөңүздөн көз каранды


Биздин нейрондук аппаратыбыз когнитивдүү пикир, эвристика, жаңылыш эскерүүлөр менен чектелип тургандыктан, бизди курчап турган дүйнөдөгү объективдүү чындыкты акылыбыз чечмелей албайт.
Психологдор билишет:
1. биздин кабылдоолорубуз мурунку ишенимибизге жана жеке кызыкчылыктарыбызга ылайык бурмаланат;
2. өзүбүздү кайсы бир көз караштагы топтун мүчөсү экендигин сезе билгенибиз биздин жүрүм-турумубузга жана ой жүгүртүүбүзгө түрткү берет.
Бул эки концепция Дания жана АКШ изилдөөчүлөрдүн кызыктуу жаңы эмгегинде изилденген. Ал эмгекте биздин кабылдоолорубуз өзүбүздүн кызыкчылыктарыбызга ылайык бурмалангандай эле, өзүбүз мүчө болгон топтордун кызыкчылыктарын канааттандыруу үчүн дагы ушундай эле бурмаланат деп болжолдонот.
Онлайн-хейт доорунда бири-бирине таптакыр карама-каршы келген ишенимдеги жана идеологиядагы адамдар бир эле видеону же сүрөттү көрүп жатышса да, жыйынтыгында экөө тең мурунку ишенимин колдогон бүтүмгө келишет. Адамдар көргөндөрү жөнүндө атайылап калп айтабы, же маалыматты туура чечмелей албаганчалык сабатсыз болушабы?

Изилдөө көрсөткөндөй бул сабатсыздык
же атайылап жалган айткандык эмес.
Кээ бир адамдар бир эле көйнөктү кара-көк түстүү, кээ бирлери ак же алтын түстүү деп кабыл алышкан сыяктуу, эки башка көз караштагы топко кирген адамдар жаңылыктардан бир эле сөздү угушат же бир эле
окуяны көрүшөт, бир эле макаланы окушат. Алар өзүлөрүнүн тобуна таандык көз карашты тастыктаган чындыкты көрүшөт, себеби алардын аң-сезими аларга карама-каршы келиши мүмкүн болгон
маалыматтарды жана чечмелөөлөрдү иргеп
салат.
Ар дайым бардыгыбызды байланыштырган нерселер ошол эле учурда бизди бөлүп-жарууга алып келе тургандыгы – бул интернеттин парадоксу. Биздин эволюциялык машинабыздагы бул когнитивдүү жылыш эмне үчүн жүз миллиондогон адамдарга бирдей маалымат берилсе дагы, жалпы билимдин таасири астында бизди бириктирүүнүн ордуна, бөлүнүүлөргө көбүрөөк мүмкүнчүлүк берерин түшүндүрүп бере алат беле?
Автор Марк Мэнсон