.үч.чекит..үч.чекит.

Башталгыч контентчинин колдонмосу

үч чекит редакциясы
2115
Башталгыч контентчинин колдонмосу

Чекитчи! 


Азыр ар бирибиздин колубузда смартфон жана интернет бар. Аларды туура колдонуу менен дүйнөгө (жок дегенде айланабыздагыларга) өзүбүздүн оюбузду жеткирүүгө жакшы мүмкүнчүлүгүбүз бар. Бирок эмнеден баштоону билбей калган учур болот, туурабы? Интернет айдыңынан ар кандай кеңештерди, маалыматты тапса болот дечи, бирок кыргыз тилинде эмес. 

Эми, мындан ары андай маалыматты алыстан издебей эле «Үч чекиттен» кыпкыргызча тапсаңыз болот. Сизге тааныш болуп калган үч чекитчилерибиз – Үпөл, Үсөн, Үмүт макала жазуу, подкастинг, фактчек жана видео тартуу боюнча кеп-кеңештерин эң жөнөкөй, жеткиликтүү тилде төмөндөгү колдонмодо айтып беришет.

Эгер контентчи болууну кааласаңыз, биз даярдаган колдонмо керегиңизге жарайт деген үмүттөбүз. Телефон же компьютериңизге жүктөп, досторуңуз менен да бөлүшө аласыз.

Баса, «Фактчек» бөлүмүндөгү иконкаларды бассаңыз дароо ошол сайттарга өтө аласыз. Сиздин ыңгайыңызга кам көрдүк.😉

Анда эмесе, назарыңызда колдонмо!👇

Жазылыңыздар
Бул макала медиасабаттуулукту арттыруу жана сынчыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүү максатында даярдалган. .үч.чекит. Көрүп, билип, такта! маалыматтык кампаниясы Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен түзүлгөн. Макалалардын мазмуну Internews, Борбор Азиядагы Эл аралык билим берүү Дебат Ассоциациясынын (IDEA CA) жоопкерчилигинде жана Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайт.