.үч.чекит..үч.чекит.

«Барнум эффекти» же эмне үчүн жылдыз төлгөгө ишенебиз?

үч чекит редакциясы
1539
 «Барнум эффекти» же эмне үчүн жылдыз төлгөгө ишенебиз?


Барнум эффекти — бул жалпы, аныкталбаган, бүдөмүк мүнөздөмөлөрдү адамдар өздөрүн так сүрөттөйт деп ишенген когнитивдүү жаңылыштык. Ал бардык адамдарга
 эле мүнөздүү. Сынчыл ой жүгүртүүсү жогорку деңгээлде өнүккөн адамдар деле өзү жөнүндө жагымдуу сөздөрдү окуганда кыраакылыгын жоготот. Мисалы, адам жылдыз төлгөгө (гороскоп) ишенбеши мүмкүн, бирок кандайдыр бир тесттен өткөндөн кийин түзүлгөн «психологиялык портретке» оңой эле ишенет.

Төмөнкү факторлор болгондо Барнум эффекти өзгөчө байкалат:

  • Көпчүлүк адамдарга пайдаланган абстрактуу тил колдонулганда;
  • Оң мүнөздөмөлөр жана жагымдуу божомолдор келтирилгенде;
  • Маалыматтын булагы жетиштүү деңгээлде авторитеттүү болгондо;
  • Мүнөздөмө индивидуалдуу берилди деген ишеним болгондо.

Албетте, биринчи пункт бардык жылдыз төлгөлөргө жана алдын-ала айтылган божомолдорго тиешелүү. Кээде контекст дагы кошумча эске алынышы мүмкүн. Мисалы, темир жол станциясындагы цыган аял бейтааныш адамга: «Сизди узак жол күткөнүн көрүп турам...» деп айтышы мүмкүн жана анын айтканы дээрлик туура. Ошондой эле, жаркын маанайда ишенимдүү айтылган сөз ага ишенүү деңгээлине таасир этет. Көпчүлүк адамдар негизсиз кошоматчылык менен айтылгандарга оңой ишенишет жана жакын арада кирешелүү сунуштарды алышаарын же «жан шериги» менен таанышарын «билгенине» кубанып калышат.

Маалымат булагынын ишенимдүүлүгү да өтө маанилүү. Мисалы, популярдуу журналдагы жылдыз төлгөнү, айрыкча аны белгилүү астролог түзгөн болсо – аны ишенимдүүлүк менен кабыл алабыз. Андай учурда ал гороскоптун баарына ылайыктуу экендиги да маанилүү эмес. Мына ушундай 12 белгиге бөлүнгөн мүнөздөөнү көпчүлүк адамдар индивидуалдуу түзүлгөн деп кабыл алышат.

Термин кандайча пайда болгон?

Бул когнитивдүү жаңылыштыктын үч туруктуу аталышы бар:

  • Барнум эффекти. Бул аталыштын келип чыгышына америкалык ишкер жана шоумен Финеас Барнум себепкер. 19-кылымда жашаган бул белгилүү мистификатор дээрлик бардык иш-аракеттерди мистикалык шоуга айландырып, элдин көңүл буруусун чеберчилик менен башкаргандыгы менен белгилүү болгон.
  • Форер эффекти. Психолог Бертрам Форер биринчилерден болуп бул когнитивдүү жаңылыштыкты кеңири сүрөттөп ачып берген. Анын бул салымына жана «Форер эффекти» деген аталыш профессионалдык чөйрөдө колдонулганына карабастан мындай аталыш көп кездешпейт.
  • Субъективдүү ырастоо эффекти. Бул психологиялык адабияттарда көп колдонулуучу расмий аталыш. Мааниси толугу менен текстте ачылган жана түшүндүрмөнү талап кылбайт.

Форердин эксперименти

Доктор Бертрам Форер Калифорния университетинде (UCLA) сабак берчү. 1948-жылы ал өзүнүн классикага айланган белгилүү экспериментин жүргүзгөн. Ал студенттерди психологиялык тесттен өтүүгө чакырган. Алар суроолорго дилгирлик менен жооп беришет, андан кийин мугалим жыйынтыгын текшерип, катышуучуларга алардын психологиялык портретин сүрөттөп берген мүнөздөмөлөрүн тапшырат. Чындыгында бардык катышуучулар бирдей эле окшош мүнөздөмө алышкан.

Ошентсе да ар бир катышуучу анын натыйжасы жеке өзү үчүн түзүлгөн деп ишенген. Анан профессор студенттерден жыйынтыктын тактыгын 5 баллдык шкала боюнча баалоону сураганда, орточо баа 4 баллды түзгөн. Дээрлик бардык катышуучулар өзүлөрү жөнүндө тезистердин көпчүлүгүнө макул болушуп, бул алардын жеке мүнөздөмөсү экендигин тастыкташкан.

Бул эксперимент Барнум эффектинин иш жүзүндө эмне экендигин эң сонун ачып көрсөтөт. Бир замат студенттердин тобу өздөрүн ушундай жөнөкөй жол менен адаштырууга жол беришкен.

Бул кандайча ишке ашат?

Барнум эффектин же анын айрым аспектилерин түшүндүрүүчү бир нече себептер бар. Алардын негизгилери:

Эгоцентризм. Бул сапат кандайдыр бир деңгээлде ар бир адамда бар. Адамдар өзүлөрү жөнүндө бөтөн адамдардын пикирин угуудан ырахат алышат. Досторуңуз сиз жөнүндө айтып жатканда же кимдир бирөө менен тааныштырганда сизди кандай сөздөр менен сүрөттөп жаткандыгы тууралуу ойлогондурсуз. Ошол эле учурда, ар бирибиз биздин жакшы жактарыбызды айтуусун каалайбыз, андыктан башка адамдар берген абстрактуу позитивдүү мүнөздөмөлөргө макул болобуз.

Белгисиздиктен коркуу. Адамдар белгисиз келечектен коркушат. Ошондуктан, кыйын кырдаалга туш болгондо, түйшөлткөн суроолордун жообун алдын-ала билгиси келет. Ал эми алдын-ала айтылган божомолдордон, өзгөчө позитивдүүлөрүнөн өздөрү күткөн жоопторду алышат. Кээде адам үчүн төлгөчүгө баруу жалгыз үмүтү болуп калган учурлар да болот. Эптеп эле илинчек таба албай отурган шарлатандар болсо, өзүңүздөр билгендей, айласы кеткен адамдарга чап жабышат.

Мистикалык кубулуштардын тартылуусу. Адамдар өзгөчө өзүнө тиешелүү болгон кезде мистикага жана сыйкырга оңой ишенишет. Ишенчээк адамдар бир эле мезгилде бир нече жылдыз төлгөнү окуп, бири-бирине карама-каршы келсе дагы, аларга ишене беришет. Себеби мындай алдын-ала берилген божомолдорду мыкты адистер жасайт деп ишенишет. Балким, ошондой да болушу мүмкүн, бирок адатта, жылдыз төлгөнү түзгөндөр жакшы астрологдор эмес, Барнум эффектисин чеберчилик менен колдонгон мыкты психологдор болушат.

Позитивдүү ырастоолор. Жылдыз төлгөдө колдонулган тезистердин көпчүлүгү көбүнчө позитивдүү. Терс билдирүүлөр «күтүлбөгөн кыйынчылыктар жаралышы мүмкүн» деген сыяктуу мүмкүн болушунча жымсалданып берилет. Адам оң натыйжага ишенгиси келгендиктен, өзүнүн келечеги жөнүндө позитивдүү сөздөрдү көргөндө же укканда анын кыраакылыгы басаңдай түшөт. Ошондой эле ал өзү жөнүндө же мүнөзү тууралуу жакшы бир нерсе угууга даяр болот.

Жазылыңыздар
Бул макала медиасабаттуулукту арттыруу жана сынчыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүү максатында даярдалган. .үч.чекит. Көрүп, билип, такта! маалыматтык кампаниясы Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен түзүлгөн. Макалалардын мазмуну Internews, Борбор Азиядагы Эл аралык билим берүү Дебат Ассоциациясынын (IDEA CA) жоопкерчилигинде жана Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайт.