

Асмандан жааган Кока-кола же «карго-культ» деген эмне


Асмандагы учакты биринчи жолу көргөн Меланезиянын аборигендери үчүн авиация укмуштуудай керемет болуп саналат. Анткени ал жөнүндө эч кандай билими, түшүнүгү жок. Экинчи Дүйнөлүк Согуш мезгилинде Тынч океанындагы аралдарда жайгашкан АКШнын аскер базаларына армияга керектүү нерселер жүктөлгөн. Учактар учуп келип, кайра учуп кетип, жүк ташуучу парашюттар менен кутудагы жүктөрдү таштап кетишкен. Кээде аскерлер кутудагы тамак-аш, кийим, буюм-тайымдарды аборигендерге да таркатып беришкен. Ошондуктан меланезиялыктар үчүн «темир куштар» кудайлардын кабарчысындай сезилген. Ал эми «ак» адамдар асмандан келген укмуштуудай буюмдарды берүүдө ортомчу катары кабылданган.
Бирок согуш аяктап, америкалыктар үйлөрүнө кайтышып, учактардын агымы токтогон. Аралдагы жашоочулар «кудайлар берген белектерди аскерлер биз менен бөлүшпөй, өздөрүнө сактап калышты» деп ойлошкон. Ошондо сыйынуунун жолдоочулары учактарды кайра келтирүү үчүн учуп-конуучу тилкелерин, учактарды, кеңсе имараттарын жана башка «актар» колдонгон псевдоэлементтерди жыгачтан кура башташкан. Жергиликтүү тургундар аэродром самолетту өзүнө тартат деп чын дили менен ишенишкен. Алар «ак түстөгүлөрдөй» кийинишип, учкучтарды багыттаган аэродромдун кызматкерлери сыяктуу кызыл желектерди желбиретишкен.

Күлүүгө шашпаңыз, тескерисинче, чөйрөңүздөгү окуяларга көңүл буруңуз. Карго-культ – бул жүктөргө сыйынуу, кандайдыр бир кубулуштун тышкы атрибуттарынын көчүрмөсүн анын механикасы жөнүндө таптакыр түшүнүгү жок эле окшоштуруп жасоо.
Эми мектептин артында жашырынып алып тамеки чеккен окуучуларды алалы. Ошол аракети менен алар чоңдордун жүрүм-турумун туурашат, бирок, албетте, антүү менен дароо чоңоюп кетишпейт. Же болбосо, мисалы, көзү ачыктарга жардам сурап кайрылышкан адамдар.
Биз мектепте окуп жүргөн кездеги поэзиянын күмүш доорун эстейли. Орус адабиятынын көпчүлүк жазуучулары французча сүйлөп, «Лондондук денди» кийимдерин кийип, сакал-мурутун алдырышкан. Бирок француз ак сөөктөрүнүн жашоосун канчалык туурашпасын, орус губерниясы Парижге айланып кеткен жок. Карго-культка окшош бекен?
Жазуучу Александр Грибоедов «Акылдан азап» («Горе от ума») комедиясында тилди так сүйлөй албай француздардын бардык нерселерине сыйынган кишилер жөнүндө шылдың менен жазган.
Эми күнүмдүк жашоодон мисал келтирели. Инстаграмга сүрөттөрүн жайгаштырып, ийгиликтүү адамдын образын жаратып жаткан аздыр-көптүр «ийгиликтүү» инфобизнесменди же сулуулук блогерин карап көрүңүз. Карызга батып өткөргөн үлпөт тойлор жөнүндө эмне айтууга болот? Кока-кола асмандан жаайт деп ишенеби? Эмне дейбиз, өзүбүзгө байкалбаган менен баарыбыз эле учакты биринчи жолу көргөн меланезиялыктарга аз да болсо окшоп кетебиз.
Күн сайын биздин айланабызда карго-культ сыяктуу ар кандай кубулуштар болот, бирок кээ бир нерселердин сырткы көрүнүшүн туурап окшоштуруунун ордуна, болуп жаткан нерсенин маңызын тереңирээк изилдеп, бардыгына илимий көз караш менен мамиле кылууга аракет кылалы. Балким ошондо «жыгач учактар» менен учууга аракет жасабай, колубузда болгон нерсени жөндөй алабыз.
P.S.
Асмандан жааган Кока-кола жөнүндө түшүнүү үчүн «Кудайлар акылынан айрылган окшойт» тасмасын көрүүнү сунуштайбыз.