.үч.чекит..үч.чекит.

Үмүт: Андай эмес!

үч чекит редакциясы
1388
Үмүт: Андай эмес!

🐕«Иттердин көрүүсү ак-кара»


Андай эмес. Иттер аз дегенде көк жана сары түстөрдү да айырмалашат. Алардын көздөрү муздак өңдөрдү жакшы кабыл алат. Мисалы, ит кызыл алманы кызгылт сары алмадан айырмалай албайт, бирок лимон менен лаймды оңой тааныйт. Иттердин боз түстөрдү айырмалоосу күчтүрөөк. Ошондуктан алар бизге караганда караңгыда жакшыраак көрүшөт.  

🐂«Кызыл түс букалардын ачуусуна тиет»


Мына бул жерде уйлар жана букалардын көрүүсү ак-кара деген эми туура болот. Коррида күрөшүндө буканы кыжырданткан түс эмес, а кыймыл. Күрөш учурунда жаныбарларды курч шиштер менен сайып, ачуулантышат. Албетте, буканын ачуусуна тийип кыймылдаган нерсеге чуркашы табигый нерсе. Ал эми кызыл түс салттык белги – ал согушка катышкандардын биринин каны куюлат дегенди билдирет.  

🐸«Бакага тийсең – сөөл чыгат»


Сөөл – вирустук оору. Демек, ал вирусту алып жүрүүчү адамдан жугушу мүмкүн (же ал колдонгон нерселер аркылуу). Бирок, сөөлдүн пайда болуу ыктымалдыгы 100% эмес. Анткени адамдардын иммундук системасы ар башка: айрымдардын иммунитети күчтүү, ал эми айрымдардын иммунитети ооруларга азыраак туруштук берет.  

🦉«Үкүлөр башын 360 градуска айланта алышат»


Андай эмес! Алар башын 270 ° айланта алышат, бул деле жакшы. Мындайда мээге кан жетпей калышы керек эле. Кантип алар эс-учун жоготушпайт? Себеби алардын омуртка артериясы мээнин алды жагында кеңейип, ал жерде кан запасы сакталат. Тамырлар кысылган учурда дагы нейрондордун иштешине шарт түзүлөт.
Баса, үкүлөр көздөрүн ары-бери кыймылдата алышпайт, ошондуктан баштарын ушинтип айлантууга туура келет.  

🐭«Чычкандардын сүйүктүү азыгы – сыр»


Жердин жана адамзаттын тарыхына көз чаптырсак, адам сырларды салыштырмалуу жакында эле жасай башташкан. Чычкандарга мындай азык мурда тааныш эмес болгон. Анан кайдан жүрүп алар сырды сүйүп калышты экен? Жөн гана мультфильм жаратуучулардын фантазиясы.
Чычкандардын рационун дан, урук, эт, мөмө-жемиштер түзөт. Илимпоздордун айтымында, сырга караганда таттуу нерсе менен чычканды азгыруу жеңилирээк болот. Анан дагы, көптөгөн сырлардын ачуу жыты бар эмеспи. Мындай жыт чычканга жакмак түгүл, чочутат.  

🦇«Жарганаттар сокур болушат»


Андай эмес. Алардын көрүүсү абдан начар болгондуктан, мейкиндикте эхолокациянын жардамы менен учушат деп айтылып келет. Анда, аларга көрбөгөн көздөрдүн эмне кереги бар эле? Жарганаттарды сактоо уюмунун мүчөсү Роб Майлздын айтымында, алардын кээ бир ири түрлөрүнүн көрүүсү адамдардын көрүүсүнөн үч эсе жакшы. 

Бонус:

🦷«Таттууну көп жесең – кариес пайда болот»


Чындыгында, кариес кант менен азыктанган бактериялардан пайда болот. Бирок кант шириндиктерде гана эмес, мисалы, нан азыктарында да бар экендигин түшүнүү керек. Кантты сиңирүү процессинде бактериялар сүт кислотасын пайда кылып, тиштин эмалын бузат. Ошондуктан, тамак же жөн гана момпосуйдан кийин оозду чайкоо сунушталат.   

Жазылыңыздар
Бул макала медиасабаттуулукту арттыруу жана сынчыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүү максатында даярдалган. .үч.чекит. Көрүп, билип, такта! маалыматтык кампаниясы Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен түзүлгөн. Макалалардын мазмуну Internews, Борбор Азиядагы Эл аралык билим берүү Дебат Ассоциациясынын (IDEA CA) жоопкерчилигинде жана Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайт.