.үч.чекит..үч.чекит.

Адилеттүү дүйнөгө ишенүү. Когнитивдүү бурмалоо

үч чекит редакциясы
784
Адилеттүү дүйнөгө ишенүү. Когнитивдүү бурмалоо

Адилеттүү дүйнөгө ишенүү – бул ар бир адам өзүнө жараша, өзүнө татыктуу нерсени алат деп ойлогонго түрткү берген когнитивдүү жаңылыштык. Мисалы, кимдир бирөөнүн башына мүшкүл иш түшкөн болсо, анда биз өзүбүздүн когнитивдүү жаңылыштыгыбыздан улам, кырсык ал адамдын өзүнө жараша берилди деп ойлойбуз.

Адамдар башынан өткөргөн жакшы жана терс иштеринин натыйжаларын актоо үчүн адилеттүү дүйнө гипотезасын колдонушат. Бул ишенимге ылайык, адамдардын иш-аракеттери менен анын натыйжасынын ортосунда түздөн-түз, абсолюттук жана моралдык байланыш бар деп божомолдонгондуктан, жакшылык жакшы адамдарда, жамандык жаман адамдарда болот деген түшүнүк чыгат. Мунун кесепеттеринин бири – виктимблейминг (жабырлануучуну күнөөлөө) б.а. адамдар кылмыштуу окуя болгон жерде кылмышкерди эмес, окуянын курмандыгын күнөөлөй башташат.

Эмне үчүн адамдар адилеттүү дүйнөгө ишенишет?

✨Адилеттүү дүйнөгө болгон ишеним узак мөөнөттүү аракеттерге шыктандырат. Жасаган иш-аракеттери үчүн бааланып сыйлана тургандыгына ишенүү адамдарга өзүн шыктандырууга жардам берет, керектүү аракеттерди болушунча жасоого жана ал түгүл курмандыктарга барууга да даяр болушат.

✨Адилеттүү дүйнөгө болгон ишеним күнүмдүк көйгөйлөрдү чечүүнүн механизми боло алат. Мисалы, адамдар жакшы иштерди аткарганда, сөзсүз акыбети кайтып бааланарына ишенишет. А бул өз кезегинде адам тоскоолдуктарга туш болгондо өзүн ишенимдүү жакшы сезүүгө жардам берет. Ошентип, дүйнө адилеттүү болот деген ишеним айрым учурда эмоционалдык жыргалчылык, жашоого канааттануу, стресстин төмөндөшү жана депрессиянын төмөндөшү сыяктуу факторлор боюнча адамдардын психикалык ден-соолугун жакшырта алат.

✨Адилеттүү дүйнөгө болгон ишеним көзөмөлдү сезүүгө жардам берет. Чындыгында, «келечек биринчи кезекте иш-аракеттер менен аныкталат» деп ишенген адамдар аларда туруктуулук жана көзөмөл бар экендигин сезишет. Ошондой эле, ар бир иш-аракеттин орду жана жашоодогу максаты бар деген сезим өлүмдөн коркууну да жеңүүгө жардам берет.

Бул когнитивдүү жаңылыштыктын таасирин азайтуу үчүн, сиз:

👉🏻аткарылган иш менен анын натыйжасынын ортосунда ар дайым кынтыксыз байланыш бар деген интуитивдик божомолду жокко чыгарууга аракет кылыңыз. Кырдаалга туш болгон адам чындыгында эле башынан өткөргөн иштин натыйжалары үчүн жооптуубу же азыр чечим кабыл алуу менен келечекте болуучу натыйжага таасир эте алабы, ушул жагдайды ойлонуп, талдап көрүңүз. Муну адамдын иш-аракеттерин, анын натыйжаларын жана ошол жыйынтыктарга таасир этиши мүмкүн болгон тышкы таасирлерди талдоо аркылуу жасай аласыз.

👉🏻жымсалдоонун ар кандай ыкмаларын колдонуу менен адилеттүү дүйнөгө өтө берилгендиктин таасирин азайтууга аракет кылыңыз. Мисалы, натыйжаларга жооптуу болбосо дагы, каралып жаткан жыйынтыкка окшош болгон учурларды мисал келтирүүгө аракет кылсаңыз болот. Же болбосо, өзүңүздү алардын ордуна коюп, кырдаалды алардын көз карашы менен көрүүгө аракет кылып, ошол адамды же топту түшүнгөнгө аракет кылыңыз.

Жазылыңыздар
Бул макала медиасабаттуулукту арттыруу жана сынчыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүү максатында даярдалган. .үч.чекит. Көрүп, билип, такта! маалыматтык кампаниясы Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен түзүлгөн. Макалалардын мазмуну Internews, Борбор Азиядагы Эл аралык билим берүү Дебат Ассоциациясынын (IDEA CA) жоопкерчилигинде жана Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайт.