Жалпы республикалык тестирлөө — жаркын келечектин жолу. Бул жол баарына ачыкпы?


Жалпы республикалык тестирлөө (ЖРТ) — бүтүрүүчүлөр үчүн Жогорку окуу жайына тапшыруу мүмкүнчүлүгү. Бул нерсе алар үчүн оңой сыноо эмес. Жогорку окуу жайына бюджеттик негизде ар бир абитуриент өтүп кете албайт.
2019-жылдагы ЖРТге Кыргызстан боюнча 44 миңден ашуун бүтүрүүчү катышкан. Тест баллынын орточо көрсөткүчү — 123,3 болуп, өлкө боюнча орточо 151 балл алган 4375 абитуриент гранттык негиздеги окууга кабыл алынган. Ал эми Жалал-Абад облусу боюнча ЖРТге 5938 адам катышкан. Бул облустагы абитуриенттердин тест баллынын көрсөткүчү орточо 119ду түзгөн. Дагы 658 бүтүрүүчү орточо 146,8 балл менен гранттык окууга өткөн.
Бүтүрүүчүлөрдүн баары Айзада жана анын инилериндей болуп ЖРТны ийгиликтүү тапшыра алабы? ЖРТге даярдануу бардык окуучулар үчүн жеткиликтүүбү? Эгер жеткиликтүү болсо, анда эмнеге бүтүрүүчүлөрдүн басымдуусу бюджеттик окууга жетиштүү балл топтой албай жатат? Бул тууралуу Жалал-Абад облусунун Барпы айыл өкмөтүндөгү жаштардын жумушчу тобу изилдөөгө аракет кылды.
ЖРТ окуучулар үчүн татаалбы?
ЖРТ – жогорку билим алуу жана жаңы багытка кадам таштоо үчүн мыкты мүмкүнчүлүк. Бирок, бүтүрүүчүлөр ЖРТни татаал нерседей кабыл алышат. Изилдөө көрсөткөндөй, ЖРТге даярданууда бир катар көйгөйлөр бар.
Он ата-эненин тогузу (9/10) баласынын ЖРТ тапшыруусу абдан маанилүү деген пикирде. Ошондой эле, ЖРТинин суроолору татаал экендигин ата-энелердин үчтөн бир бөлүгү (1/3) белгилеп, тестке атайын даярдык зарыл деп жооп беришти.

Эмне себептен ЖРТге олуттуу даярдык көрүлбөйт?
Балдардын жарымынан көбү ЖРТге 11-класстан баштап даярданышарын айтты. 11-класста даярдыкты баштагандар он бир жылдык программаны кантип бир жылда кайталап бүтө алат? Демек, ЖРТни ийгиликтүү тапшыруу үчүн, мектептеги окуу жылдарынын бардык аралыгында көңүл бурулушу керек.
Сурамжылоодо балдардын жарымы түрдүү себептер менен ата-энелер алардын окуусун көзөмөлдөбөйт экенин айтышты. Бирок, ата-энелердин дээрлик баары балдарынын ЖРТге даярданышы үчүн шарт түзүп беришерин айтышкан. Анда эмне үчүн бүтүрүүчүлөр керектүү баллды топтой албай жатышат?
ЖРТ тесттерине даярданууга үй жумуштарынан улам мүмкүнчүлүк болбойт — муну ар бир бешинчи респондент айтты. Бештен бир бөлүктү түзгөн бул жооп — айыл-кыштактардагы окуучулардын ЖРТни ийгиликтүү тапшыруусуна үй жумуштары тоскоол экенин билдирет.

80 пайызга жакын ата-эне кошумча даярдык — бул атайын курстарга катышуу деп жооп берген. Бирок, курстарга окутууга ата-энелердин 54 пайызынын гана шарты туура келет. Демек, ЖРТ курстары деле бардык окуучуларга жеткиликтүү эмес экен.
Ошого карабай, ата-энелер балдарынын ЖРТга даярданышын колдоого аракеттенгенин белгилөө маанилүү. Окуучулардын 75 пайызынын айтымында, курстарга каттоодон сырткары, мугалими менен же үй шартында интернет булактарынан даярданышат.
Изилдөөнүн жыйынтыгы көрсөттү — ата-энелер, окуучулар ЖРТге 10-11-класстан баштап гана даярданышат жана ата-энелер балдарынын билим алышына мектептеги бардык окуу жылдарында көңүл бөлүшпөйт. Буга балдардын үй жумуштарынан колу бошобой, түйшүк тарткандыгы себеп. Айрыкча, элеттеги окуучулар кичинекейинен үй, талаа жумуштары менен алек болушат. Мындан улам, аларда сабакка жетиштүү убакыт бөлүү мүмкүнчүлүгү жок.
Эгерде баланын окуусуна 1-класстан баштап убакыт бөлүнсө, анда ЖРТти жеңил тапшырууга шарт түзүлмөк. ЖРТти ата-энелер да, балдар дагы кандайдыр татаал нерседей көрүшөт. Бирок, тесттин суроолору болгону окуу программасын гана камтыйт. Демек, бул нерсе балдардын окуу программасын жетиштүү өздөштүрө албаганын, билим деңгээли төмөн экендигин билдирет.
Албетте, тестти ийгиликтүү тапшыруу өлкөнүн, аймактын экономикалык абалынан да көз каранды. Анткени, көп учурда ата-энелер күнүмдүк акча табуу же талаа жумуштары менен алек. Бул учурда үйдөгү жумуштун баары мектеп курагындагы баланын мойнунда кала берүүдө.
Мындан улам, окуучулар ЖРТни ийгиликтүү тапшыра албай, кайсы бир кесиптин ээси болууга окубай калышат. Натыйжада, алар өлкөнүн жарды жашаган катмарын толуктап калышы толук мүмкүн.
Изилдөөгө Барпы айыл өкмөтүнүн аймагында жашаган 243 респондент катышты. Анын ичинен 120сы окуучу болсо, калган 123ү ата-энелер. Изилдөө жана изилдөөнүн жыйынтыктары “Демилгелүү Жаштар” долборунун алкагында түзүлгөн, Барпы айыл аймагынын жумушчу тобу тарабынан даярдалган.

Дисклеймер: Бул изилдөө, Америка Кошмо Штаттарынын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) аркылуу Америка элинин жардамы менен ишке ашырылды. Изилдөөнүн мазмуну USAID, Америка Кошмо Штаттарынын өкмөтүнүн, Кыргызстандын тоолуу аймактарындагы жамааттардын өнүгүүсүн колдоо программасынын ( MSDSP KG) же Борбордук Азиядагы IDEAнын көз карашын сөзсүз түрдө чагылдыруусу шарт эмес.
USAID тарабынан каржыланган «Демилгелүү жаштар» долбоору Кыргызстандын жаштарынын жарандык активдүүлүгүн жогорулатуу максатын аркалайт. Долбоор MSDSP KG, IDEA CA тарабынан аткарылат.