«Чексиз Достук» менторлорунун окуялары


Жийдегүл Мавлянова, Кашка-Суу (Туюк-Жар)
«Нөшөрлүү, жамгырлуу октябрдын биринчи күнү. Үшүп, суу болгонубузга карабастан балдардын көңүлдөрү көтөрүңкү. Анткени карыялар күнүнө карата айылдын аксакалдарына белек бердик. «Кайрымдуулук акциясын» өткөрүп, кубанычтын көз жашы менен коштолгон алкыш жана баталарды алып келе жаттык.
Мен балдардан «Силерде кандай сезимдер болуп атат? Кандай таасир алдыңар?», — деп сурадым.
- Эже, мындай акцияны эмнеге мурда эле өткөрбөдүк деп ойлоп жатам.
- Дагы...
- Акцияны мындан ары да улантабыз!
- Дагы кандай ойлор бар?
- Аябай кубанып турам.
- Жамгырда суу болгонума да капа болбодум.
- Кичине эле нерсе аябай чоң кубаныч тартуулай аларын көрдүм.
«Дагы кандай сезимдер болду» деп алымсынбай сурай бердим. Анткени мен таасирлерге бай жоопторду күтүп жаттым.
- Эже, булар да бир учурда биздей жаш болгон. Убагы келип ушундай карылыкка, азыркыдай абалга (карыялардын арасында төшөккө жатып калгандары да бар эле) туш келебиз деп ойлошту бекен?
- Алар койгон максаттарына, кыялдарына жетишти бекен?
- Балдар, мен силерден ушул пикирди угайын деп күтүп жаткам — дедим оюмдагы жоопту угуп. Мындай карылык доорго жетүүнүн өзү жакшы, а жетпей калганы канча? Силерде азыр сонун мүмкүнчүлүктөр бар, пайдалангыла.
- Ооба, эже, бүгүнкү иш-чара бизге аябай чоң тарбия берди. Убакыттын эң кымбат экенин түшүндүм. Туура максат коюп, мүмкүнчүлүктөрдү туура пайдаланып, убакытты уттурбашыбыз керек.
Келечекке чоң максаттар менен кадам таштап жаткан, көкүрөгү күч, билимге толо демдүү жаштар убакыттын баасын билишкенине кубандым. Мындай учурда алар менен бирге болуп, алардын тыянактарына аз да болсо салым кошуп жатканыма бактылуумун. Мен – ментормун».

Зульфия Сарыбаева, Араван (Жаны-Жол)
«Эшикти ачып кирерибиз менен биз бардык нерсени унуттук. Каршыбызда төшөккө жазданып Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, 104 жаштагы аксакал жатты. Сырттан ызы-чуу салып каткырып келе жатышкан балдар тынчтанып, биз турган бөлмө саамга тынч боло түштү. Ардагер карыя балдарды көрүп сүйүндү, башынан өткөргөн кыйынчылыктарын көзүнө жаш алуу менен айтып жатты. Балдардын жүзүнөн ойго батып, уккан окуяларды элестетип отурушканын байкадым. Айрымдары көзүнөн жаш тегеренип кеткенин өздөрү деле байкабай калышты окшойт.
Үйдөн чыкканда баягы бири-бирине сөз талаша сүйлөп, көчөнү жаңырта күлгөн балдар үнсүз болуп калышты. Мен сөз баштай электе өз сезимдери менен бөлүшө башташты.
«Эжеке, биз мынчалык чоң ишти аткарабыз деп ойлогон эмеспиз. Согуш ардагерлеринин бирөөсүнүн гана тагдырын, жашоодон алган сабактарын уктук. Бирок башка канчалаган чоң ата, чоң энелер согушта Мекен үчүн курман болгон да. Ошондуктан, биз өзүбүздүн жана элдин келечеги үчүн жакшы билим алып, өлкөбүзгө салым кошуубуз зарыл тура. Жакшы иш эч качан унутулбайт экенин биз өз көзүбүз менен көрдүк. Башкысы, адам үчүн көңүл деген нерсе жогору бааланарын байкадык» – деп айтып жатышты. Жаштар менен ой бөлүшүп, ушундай сөздөрдү укканда ментор катары максатым орундалууда деп эсептейм.
Балдардын жүрөгүндөгү боорукерлик, жөнөкөйлүк, кичипейилдик сезимдерин байкоо — чыныгы кубаныч. Ал эми ийгиликтерин, жетишкендиктерин көргөндө алар менен чогуу иштеген ментор экениме сыймыктануу пайда болот.»

Бактыгуль Атабекова, Тенги (Көк-Серек)
«Жаштар менен тыгыз иштеше баштаганымда 2019-жылдын сентябрь айы эле. Алгачкы жолугушууда активисттерден алардын муктаждыктарын, көйгөйлөрүн жана сунуштарын сурадым. Жаштар төмөндөгүдөй ойлорун айтышты:
- Жергиликтүү бийлик жаштарга көңүл бурбай, сунуштарын укпайт;
- Жаштардын бош убактысын туура өткөрүүсүнө шарт түзүлгөн эмес;
- Жаштардын коомдук иштерге катышуусуна колдоо көрсөтүлбөйт.
Жаштардын мындай пикирин тиешелүү органдарга жеткирүү жолдорун издей баштадым. Жаштарды айыл өкмөт башчы, аппарат кызматкерлери, жергиликтүү кеңештин төрагасы жана депутаттары менен жолуктурууга аракет кылдым. Жыйынтыгында, жаштар жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен түз байланышып, айылдык кеңештин сессияларына катышып, өз сунуштарын айтып калышты. Мен балдардын сунуштарын квартал сайын айыл өкмөттүн иш планына киргизүүгө, анын аткарылышын көзөмөлдөөгө жоопкерчилик алдым. Бул менин айылдагы жаштар үчүн жасаган алгачкы эмгегим эле.
Ошол жылдын декабрында жаштар убакытты пландоо, жыйындарын өткөрүү үчүн беш бөлмөлүү кеңседе чогулуп калышты. Бул окуядан кийин жаштардын «аракет кылсан ийгиликке жетсе болот тура» деген сөздөрү эсимде калган. Быйыл март айында жаштар айылдагы тазалык акциясын айыл өкмөт жана айыл башчылар менен чогуу өткөрүштү. Сыймыктанчу нерсе — айыл аймакта кандай иш болбосун демилгелүү топтун мүчөлөрүсүз өтпөйт.
Мен ментор катары жаштар коомдогу орду чоң жана маанилүү экендигин билдирүүгө аракет кылып келем. Жаштарга мындан ары да туура багыт берүүгө күч жумшайм.»

Адылжан Шамшиев, Кербен (Мамай)
«По дороге с очередного тренинга мы остановились в районе села Базар-Коргон, чтобы ребята могли купить необходимое в супермаркете. Все разбрелись, выбирая нужный товар. Через 20 минут я подошел к кассе оплатить свои покупки и увидел, что двоих мальчиков задержала охрана магазина. Я поспешил к ним.
Охранники сообщили, что подозревают этих ребят в краже товара, и для проверки они должны пройти в другую комнату. А мне необходимо остаться здесь. Пока один охранник отвлекал меня, другой отвел мальчиков за пределы общего зала.
Тут я не выдержал и высказал все: «Что вы себе позволяете! Кто дал вам право допрашивать несовершеннолетних? Почему вы оказываете на них психологическое давление? Я обязан присутствовать при вашем разговоре». И пошел в ту сторону, куда увели ребят. Со мной был еще наш водитель. Второй охранник сообщил, что ребята с администратором просматривают видео, которое докажет их воровство.
Ошибка ребят была в том, что в магазин они зашли уже с товаром, купленным в другом месте. Я объяснил охраннику: «Я представитель этих мальчиков и должен лично присутствовать при просмотре видео. И если с ними что-то случится, то все мы будем в ответе за это. И, в первую очередь, вы – охранники».
После этого они пустили меня в комнату, где ребятам пытались доказать, что они взяли семечки и жвачки и прошли мимо кассы, не оплатив товар. Мальчики твердили, что все было куплено в Оше. Даже девушки на кассе твердили, что такого товара в магазине просто нет.
Я настоял на повторном просмотре видео с применением опции увеличения изображения. Благо, пригодились знания в этой области. После еще нескольких просмотров мы все убедились, что никакого воровства не было. Это было лишь необоснованное предположение охранника. Они извинились перед нами, сказав, что это их долг, и что в последнее время участились случаи воровства в их селе. После этой ситуации я был взволнован и весь на эмоциях. Мальчики – очень подавлены. Но мы всей командой поддержали их, убедив, что они абсолютно не виновны и чисты. Я был в этом уверен с самого начала! Ведь каждый из ребят для меня как родной ребенок.»
