Таштанды — бизден келечекке «белек»


Таштанды — учурдун эң маанилүү экологиялык көйгөйлөрүнүн бири. Таштандынын көптүгүнө ким жооп берет, жарандарбы же мамлекетпи? Бул суроого бир айылдын масштабында жооп табууга аракет кылып, Жалал-Абад облусундагы Акман айыл аймагында изилдөө жүргүздүк.
Бул макалада Кыргызстандын айылдарындагы таштанды маселесинин эки аспектин карайбыз. Биринчиси — айыл жергесиндеги таштанды чыгаруунун уюшулуусу, экинчи — тазалыкка болгон инсандык жеке мамиле.
Мыйзамга ылайык, таштанды жыйноо, чыгарып кетүү жана жок кылуу – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (ЖӨБО) иши. Бирок, көп жылдык практика көрсөткөндөй, ЖӨБО бул маселени толук кандуу чечүүгө кудурети жетпей келет. Балким, мыйзамда көрсөтүлгөн биринчи эки милдет: таштанды жыйноо жана чыгаруу аз да болсо аткарылат чыгар. Бирок, аны жок кылуу чындыгында көпчүлүк жерде колго алынган эмес.
Кыргызстан боюнча 406 свалка 616 гектар жерди ээлейт. Алардын 74 пайызы мыйзамдаштырылган эмес. Ошол эле учурда, таштанды ээлеген аймактын жарымынан көбү свалка — алардын аянты бир гектарга жетпейт, мындан улам таштандылар иштетилбейт. Свалкага айланган жерлердин 80 пайызы айыл-чарба багытындагы жерлер.
Жогорудагы сандар Акман айылындагы жаштар көтөргөн маселенин мамлекеттик деңгээлдеги көйгөй экенин сүрөттөйт.
Учурда айылдагы таштанды чыгаруу — өрттөө, талаага таштоо жана свалкага ыргытуу аркылуу ишке ашат. Элеттиктердин айтымында, жергиликтүү бийлик 16 миңден ашуун калкы бар аймактын таштандыларын чыгарууга жумушчу күч бөлүп, атайын бир техника менен (бүгүнкү күндөрү иштебейт) колунан келген аракетин кылып келет.
Айылдын чет жагында свалка бар. Ал 537 гектар калктуу аймактан чет жакта жашагандарга алыс. Бирок, аракеттер жетишсиз жана таштандыны иштетүүдө ЖӨБАнын дарамети алсыз экени айкын. Демек, бул көйгөйдү мамлекеттик деңгээлде, тез арада чечүү кажет.
«Мен ыргытпай койсом, таза болуп кетмек беле»
Бардык шылтоону бийликке гана жүктөөдөн алыспыз. Анткени, айылдагы тургундардын тазалыкка болгон мамилеси да көңүл кейитерлик. Изилдөөгө катышкандардын дээрлик 80 пайызы «көчөдө таштанды ыргыткан кишини көрсөм, каршылык билдирип, тыям, түшүндүрөм» деп жооп берген. Эгер алардын айтканы чын болсо, анда эмнеге көчөлөр таштандыга толуп калган? Балким, алар таштандынын зыян экенин билишпейт чыгар? Жок, билишет экен — респонденттердин 95 пайызы пластиктин зыяндуулугун билебиз деп жооптошту. Анда эмнеге өз колубуз менен айылыбызды булгайбыз, анын тазалыгына кам көрбөйбүз? Суроо жооптон көп.

Ал эми Акмандын жаштарынын кыялындагы айыл төмөндөгүдөй:
Тилекке каршы, изилдөөгө катышкандардын 72 пайызы айылдын көчөлөрүндө пластик, кагаз, памперс жана бөтөлкөлөр жатканын айтышты. Албетте, тургундардын 90 пайызы бул көрүнүшкө тынчсызданарын билдирди. Бирок, абал көп жылдан бери өзгөрбөй келет.
Коомубуздагы көп процесстерди түшүндүрүүгө негиз болгон нерсе — адамдардын кайдыгерлиги. Жаштар бул маалыматтарды талдап жатып, көчөгө таштанды ыргытуу көнүмүш адат экенин, тургундар «таштандыны ыргытсам боло берет» деп ой жүгүртөрүн айтышты.

Таштандыны туш келди ыргытуу адатын кантип жок кылса болот? Жооп үй-бүлөлүк тарбияда болушу мүмкүн. Изилдөөнүн жыйынтыгын карасак, жаратылышка аяр мамиле кылууну үйрөтүүдө үй-бүлөнүн орду чоң — мындай пикирин сурамжылоого катышкандардын үчтөн бири билдирген. Ошондой эле, тургундардын 75 пайызы «ооба, үйдө бул тууралуу сүйлөшүп турабыз» деп жооп берген. Анда биздин жаратылышка болгон жоопкерчилик эмне аркылуу көрүнүп турат?

«Көпчүлүк тургундардын ою боюнча, таштандыны ар жерге ыргытса болот деген түшүнүк — айылдын булганып жатканынын башкы себептеринен. Сурамжылоого катышкандардын жарымынан көбүнүн айтымында, айылда тазалык акциялары өткөрүлбөйт. Өткөрүлсө да ага тургундар катышууга шаша беришпейт. Эгерде ишембилик өткөрүлсө, бардык айылдыктар катышат деген баамдоону ар бир онунчу респондент айтты. Көпчүлүк мындай тазалык акцияларды айрым тургундарга жана активисттерге керек деп ойлошот.
Акмандыктардын пикиринде, таштанды маселесинин чечүүнүн жолу — маалыматтуулукту жогорулатууда жана айыл өкмөттүн жоопкерчилигин көбөйтүүдө. Ошол эле учурда, 46 пайыз эл жаштарга ишенет. Ал эми калган 54 пайызы жаштарда мүмкүнчүлүк аз жана таштанды айыл өкмөттүн жумушу деп билдиришти.
Тыянагыбыз — таштанды көйгөйүн чечүүнү каалаган жаштардын демилгесин ишенбөөчүлүк жана кайдыгерлик менен жок кылып албашыбыз керек.

Дисклеймер: Бул изилдөө, Америка Кошмо Штаттарынын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) аркылуу Америка элинин жардамы менен ишке ашырылды. Изилдөөнүн мазмуну USAID, Америка Кошмо Штаттарынын өкмөтүнүн, Кыргызстандын тоолуу аймактарындагы жамааттардын өнүгүүсүн колдоо программасынын ( MSDSP KG) же Борбордук Азиядагы IDEAнын көз карашын сөзсүз түрдө чагылдыруусу шарт эмес.
USAID тарабынан каржыланган «Демилгелүү жаштар» долбоору Кыргызстандын жаштарынын жарандык активдүүлүгүн жогорулатуу максатын аркалайт. Долбоор MSDSP KG, IDEA CA тарабынан аткарылат.