«Чексиз Достук» окуялары: Чоң өзгөрүүлөргө карай


«Жеңилгенде кайгырбагыла. Бир күнү жеңиш силердики болот», — Үмүтай, Кара-Токой айылы.
Дебатка катышып жүргөн кез. Командабыз менен улам эле жеңилип жаттык. Ошондой күндөрдүн биринде Илгиз агай минтип айтты: «Жеңилип калганда кайгырбагыла. Баарыбир бир күнү жеңиш силер тарапта болот». Дал ошондой болду — мен дебатта көп жолу биринчи орунду багындырдым.
Алгач дебат боюнча семинарларга катыштык. Мындай сабактардан кийин атаандаштардын аргументтерин жокко чыгаруу үчүн талкуулоочу теманы анализдей баштадым. Дебат ой-пикирди эркин айтканды үйрөтөт экен. Ата-энем менен түшүнүшүүмдө, башкалар менен ийгиликтүү мамиледе болушума анын салымы чоң.
Долбоордогу дагы бир жеңишим — 10 окуучу болуп жаштардын демилгелүү тобун түздүк. Айылда, мектепте бир канча иш-чараларды өткөрдүк. Мурда коомдук иштерге катышпасам да долбоордун жардамында жергиликтүү бийлик менен кызматташа баштадым. Учурда окуучулар, мугалимдер, дегеле айылдагылар мага көз салып турушканын сезем. Ансайын жоопкерчилигим күчөп, жаштардын көйгөйлөрүнө маани берип жатам. Көбүнчө чет жактагы айылдардын маселеси чечилбей келет. Менин максатым — ошол көйгөйлөрдү чечүү, коомго жардам берүү.
«Чексиз Достук» долбоорунан көптөгөн билимдүү, активдүү жаштарды көрдүм. Алардын ар бири өз аймагына салым кошо алат деп ишенем. Анткени, алар да долбоордон мендей таасирленген деп ойлойм. Мисалы, мен кыялдарымды ишке ашырса болоруна ынандым. Ошондуктан, жаштар ой-максатка жетүүгө аракеттенишибиз зарыл. Эң негизгиси, жеңилип баратканда кайгырбагыла, баарыбир жеңиш силер тарапта болот — бир кезде агайымдын мага ушинтип айтканын унутпайм.

«Мен оюн деп түшүнүп жүргөн дебат мени өзгөрттү», — Бекжан, Төбө-Коргон айылы.
Бир жолу биздин мектепке «долбоордонбуз» деп өкүлдөр келишти. Болжолдуу бир сааттай сүйлөштүк, максаттарын түшүндүрүштү. Кызыгып турдум. Бирок башымдагы «колуңдан келеби?» деген суроо өзүн эстетип жатты. Албетте, мен деген үй тапшырманы чоң иш деп ойлоп жүргөн окуучумун да!
Долбоордун биринчи чогулушун эстесем азыр да күлөм — мен бир ооз сөз сүйлөгөн жокмун, тартынып четки бурчта отурдум. Кийинки жолугушууларда чөйрөмө бир аз ыңгайлаша түштүм окшойт. Ошентип, дебаттар да башталды. Анда да сүйлөсөм эле колум титиреп, үнүм араң чыгат. Анысы аз келгенсип улам эле айтчу сөзүмдү унутуп калам. Кийинчерээк, элдин ортосунда сүйлөгөндө өзүмдү дүйнөлүк көйгөйдү чечкендей сезчү болдум. Көрсө, мен оюн деп түшүнүп жүргөн дебат мени өзгөртүп үлгүргөн экен.
Долбоор мага билим берди, жөндөмүмдү пайдаланууну үйрөттү. «Илим техника жана өндүрүш жумалыгы — 2020» конкурсуна шамал генераторунун макетин жасап катыштым. Райондогу 52 мектептин окуучуларынын арасынан облустук турга чейин жеттим. Айтор, мен түп тамырынан өзгөргөн адаммын. Мурда башкалар мени түшүнбөйт десем, азыр мени укпашына жол койбойм, баарлашам. Ар бир жаңы тааныш дүйнө таанымымды кеңейткендей сезилет.
Үй-бүлөдө жалгыз уулмун, атам менен апам мени жаш баладай көрөт. Кышта менин дебатта сүйлөгөнүмө күбө болушкандан кийин алар да өзгөрдү. Ошондо атам «сага ишенем, балам», — деп айткан. Мейли үй-бүлөдө, мейли долбоордо — сага ушинтип ишеним беришсе эле болду, канат күүлөгөнгө даярсың.

«Дебат десе талаш-тартышты түшүнчүмүн. Оюм өзгөрдү», — Назаралы, Кашка-Суу айылы.
Сентябрь айы эле. 11-класска өтүп, окуу башталганда долбоор тууралуу кабар таптым. Мектепти ийгиликтүү аяктап алайын деген ойдо жүргөм. Бирок, билим алуу менен коомдук иштерди бирдей алып кетем деп чечтим.
Долбоордун жашоомдогу ордун эки этапка бөлүп карайм. Биринчи этапта — менин ички дүйнөмө өзгөрүү келди. Жарандык активизм тууралуу сабактардан кийин мекенчилдик сезимим ойгонду. Экинчи этапта — коомдогу активдүүлүктү иш-аракет менен далилдеш керектигин түшүндүм. Ага чейин мен деле айылдагы көйгөйлөргө кол шилтеп, бул айыл өкмөттүн иши деп жүргөм да. Натыйжада, коомдук угууларга катышып, кээде өз оюмду кошумчалаганга өттүм.
Долбоордон үйрөнгөнүмдү айылыбыздагы жаштарга да айтып бердим. Алар «биз дагы аймагыбызга жардам берсек болот экен» деген ойдо калышты. Буга далил, айылдагы мектептин окуучуларын чогултуп, жашоочуларды тазалыкка үндөй баштадык. Айыл өкмөттөгүлөр да четте турушкан жок, биргеликте карыларыбыздын батасын алып кайттык.
Чынын айтсам, долбоорго чейин дебат десе бет маңдай туруп алып талашып-тартышууну түшүнчүмүн. Оюм өзгөрдү. Дебат — тапкычтык менен сынчыл ой жүгүртүү, идеяңды түшүндүрүү жана ойлорду бекемдеп, жыйынтыктай билүү экен. Учурда менде эң негизги принцибим бар — жаштардын эч бир көйгөйүнө көз жумбаш керек. Себеби, айланасына кайдыгер коомдун, андагы жаштардын эртеңи бүдөмүк.

«Мектепте мыкты окуучу, ал эми коомдо активистмин!», — Алхидин, Сырт айылы.
Мен азыр чөйрөмдөгүлөргө сунуш киргизип, таасир бере алам. Мектепте мыкты окуучулардын катарын толуктайм, үйдө болсо инилериме үлгүмүн. Ал эми коомчулукта мен активистмин!
Мындай жетишкендигиме «Чексиз Достук» долбоору себепчи. Дебаттар мага тапкычтык менен ойлонууну үйрөттү. Ага катыша баштаганда өзүмдөгү алгачкы өзгөрүү — толкундануу менен тартынчаактыгым жоголду. Ошондой эле, ар бир адамдын ою маанилүү, аны уга билүү керек. Бул мага адат болду — мектепте да башкаларды укканды жактырам. Мындай мүнөз мага санаалаштарды, жаңыча ой жүгүрткөн адамдарды жолуктурду.
Долбоордогу көп түрдүүлүк жана теңдик боюнча сабактар аябай пайдалуу. Ага чейин көп нерсени билбей жүргөм. Азыр эми өзүмдү өнүктүрүүгө көбүрөөк маани берип жүргөн кезим.
Коомдо ар түрдүү адам бар. Жаштар көйгөйлөрүн чечүүгө аракеттенгени менен бирин-серин киши кайдыгер же каршы болушу ыктымал. Мен да өз аймагымдагы маселелерди чечүүнүн жолдорун сунуштап, жаштардын коомдогу ордун билдиришим керек. «Чексиз достук» сыяктуу долбоорлор активдүү жаштарды сүрөй берсе коомдогу көз караштар өзгөрөт деп ишенем.

Бул окуялар "Чексиз достук" долбоорунун алкагында иштелип чыгып, БУУнун Калкты жайгаштыруу фонду (ЮНФПА) уюмунун колдоосу менен БУУнун Тынчтыкты куруу фондунун (ТОФ) каржылоосу аркылуу IDEA коомдук фонду тарабынан ишке ашырылып жатат.