Спорт жана кыздар: балдар менен кыздарга бирдей шарт түзүлгөнбү?


Дүйнөдөгү пандемия бизге ден соолукту баалоону үйрөттү. Чынында, денибиз сак болгону биздин физикалык абалыбызга, ички дүйнөбүзгө, жумуш же окуудагы натыйжалуулукка, адамдар менен мамилебизге, дегеле жашоо сапатыбызга таасир берет. Ошондуктан, ден соолукту сактоо жана бекемдөө маанилүү.
Саламаттыкты бекемдөө жолдорунун бири – спорт менен машыгуу. Спорт менен машыгуу ден соолукка пайдалуу экенин үй-бүлөдөн тарта мамлекеттик деңгээлге чейин билебиз.
Кыргызстанда жарандардын көпчүлүгү спорт менен машыгышпайт
Интернеттеги айрым маалыматтарда жазылгандай, тилекке каршы Кыргызстанда жарандар спортко кайдыгер. Мисалы, 2015-жылдагы изилдөөдө Кыргызстандын калкынын 84 пайызы спорт менен машыкпайт экени белгилүү болгон. Бул изилдөөнүн жыйынтыгын КРнын Улуттук олимпиада комитетинин башкы катчысы Канат Аманкулов да ырастайт. Анын 2016-жылы берген маалыматы боюнча, өлкөдө калктын 12 пайызы гана дене тарбия же спорт менен алектенет.
Бул Кыргызстан, дегеле өлкөдөгү калктын төрттөн бир бөлүгүн түзгөн жаштар үчүн абдан аз көрсөткүч.
Бирок, жаштар ден соолугуна кам көрүшсө деле, балдар менен кыздардын бирдей шартта спорт менен машыгуусу суроо туудурат.
Жаштардын спортко катышуусу: кыздардын балдар менен мүмкүнчүлүгү бирдейби?
Бул маселени түшүнүү үчүн «Демилгелүү жаштар» жумушчу тобунун Нарын облусундагы Кум-Дөбө айыл аймагында өткөргөн сурамжылоосун карасак болот.
Сурамжылоого катышкан жаштар алардын негизги көйгөйү — спорт, аны менен алектенүү, билим алуу жана жумуш табуу экенин айтышкан. Жаштардын пикиринде, спорт менен алектенүүдө жаш кыздар менен балдарга бирдей мүмкүнчүлүк, шарттар түзүлгөн эмес.

Кум-Дөбө айыл аймагынын жергиликтүү бийлиги жаштардын спортко катышуусу боюнча иш-аракеттер жүрүп жатканын маалымдашты. Мисалы, жаштар Нарын, Ысык-Көлгө спорттук турнирлерге барганда аларга каржылык колдоо көрсөтүлөт. Ошондой эле, Ак-Жар айылында спорт комплекси да ачылган.
Бирок, изилдөөгө катышкан жаштар спорттогу шарт, мүмкүнчүлүктөр эркек балдарга гана түзүлгөн деп эсептешет. «Демилгелүү Жаштар» жумушчу тобунун комментарийлери боюнча, Ак-Жар айылында жаштар үчүн ачылган спорт комплексинде эркек балдар гана машыгышат:

Кыздар тренер жоктугунан жана ыңгайсыз шарт жок болгону үчүн спортко катыша албайт. Бирок, алар спортто ийгиликке жете аларына каалоо, ишенимдери бекем:
Спортко өзгөчө кыздардын катышуусу төмөн экени көйгөй жаратат. Кыздардын балдар менен бир деңгээлде спортко катышуусу алардын физикалык, эмоционалдык саламаттыгын жана керектүү ыкмаларды үйрөнүшүн негиздейт.
Эгерде дени сак, бактылуу коомду кургубуз келсе, анда алгач кыздардын саламаттыгына, алардын ийгилигине шарт түзүп берүү зарыл.

Дисклеймер: Бул изилдөө, Америка Кошмо Штаттарынын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) аркылуу Америка элинин жардамы менен ишке ашырылды. Изилдөөнүн мазмуну USAID, Америка Кошмо Штаттарынын өкмөтүнүн, Кыргызстандын тоолуу аймактарындагы жамааттардын өнүгүүсүн колдоо программасынын ( MSDSP KG) же Борбордук Азиядагы IDEAнын көз карашын сөзсүз түрдө чагылдыруусу шарт эмес.
USAID тарабынан каржыланган «Демилгелүү жаштар» долбоору Кыргызстандын жаштарынын жарандык активдүүлүгүн жогорулатуу максатын аркалайт. Долбоор MSDSP KG, IDEA CA тарабынан аткарылат.