«Консенсус» турнирдик жадыбалы. 24-25-октябрь


















































































































































































Турнир жадыбалы
Бул жерден командалар кайсы атаандаш команда менен ортого коюлган конфликт боюнча сүйлөшүүгө киргенин көрө аласыз. Рейтинг таблицасында тандоо турларына катышкан 20 команданын жалпы баллдары көрсөтүлөт. Үч тандоо турунун жыйынтыгында төрт гана команда жарым финалга өттү.
Бул эмне болгон турнир?
60 жаш балдар жана кыздар 20 командага бөлүнүп, ойдон чыгарылган конфликтик жагдайларга катышышты. Турнирдин ар бир айлампасына (раунд) үч кишиден түзүлгөн эки команда конфликттин эки башка тарабынын кызыкчылыктарын коргошту.
Катышуучуларга алдын-ала конфликттин маңызын сүрөттөгөн жалпы маалымат берилди. Командалардын тапшырмасы — эки тарапка тең оптималдуу болгон чечимдерди сунуштоо жана консенсуска келүү болду.
Турнир кандай өттү?
20 команда үч жолу тандоо туруна катышышты. Ар бир турда алган баллдар чогулуп, эң жогору балл алган 4 команда жарым финалга өттү (жыйынтыктарды жогорудагы рейтинг таблицасында көрсөңүз болот). Жарым финалда болсо, 2 команда финалга аттанды. Финалда жеңүүчү команда аныкталып, мүчөлөрү баалуу белектерге ээ болушту.
Турнир ZOOM платформасы аркылуу онлайн режиминде өттү.

«Консенсус» демилгеси БУУнун Өнүктүрүү Программасы менен «Борбордук Азиядагы Эл аралык Дебат Ассоциациясы» (IDEA CA) коомдук фондунун биргелешкен “Кыргызстан менен Өзбекстандын жаштарынын ортосундагы достук мамилени жана кызматташтыкты илгерилетүү” долбоорунун алкагында БУУнун Тынчтыкты куруу фондунун каржылоосунда ишке ашырылды.
Биз ар бир конфликтти сүйлөшүү жолу менен чечүүгө болот деп ишенебиз. Долбоордо айтылган ой-пикирлер БУУӨП жана БУУнун Тынчтыкты куруу фондунун көз-караштарын чагылдырбайт. Командаларга берилген окуялар ойдон чыгарылган.