Чыгармачылык аркылуу өзгөрүү: Арууке менен Зиядуллонун жаштарды шыктандыруудагы жолу

Редакция IDEA

Кыргызстандын ар кайсы аймактарында жаштар өз үнүн чыгармачылык аркылуу угузуп, коомду өзгөртүгө аракет кылып жатышат. Арууке (Жалал-Абад) менен Зиядулло (Ош) чыгармачылыкты курал катары колдонуп, коомго өзгөрүү алып келүүгө аракет кылып жаткан жаш активисттер. Ар бири өз жолу, өз ыкмасы менен жаштарга дем берип, аларга өз үнүн угузууга мүмкүнчүлүк түзүүгө аракет кылышууда. Экөөнө эргүү берип, жол көрсөткөн «Биргебиз» программасы болду.
Арууке: Искусствону күнүмдүк жашоого алып келүү
Арууке — арт-активистка, ал сүрөт жана чыгармачылык аркылуу коомдогу тынчсызданткан маселелерге көңүл бурдуруп келет. Бала кезинен сүрөт тартууга кызыккан, чет өлкөдө жүрүп, чыгармачылык маданият жашоонун бир бөлүгү экенин көргөн. Кыргызстанга кайтып келген соң, ал улуу муун маданиятты сактап жүргөнү менен, жаштар андан алыстап калганын байкайт.
Арууке
Биз өз маданиятыбыздын баалуулугун көп учурда чет өлкөдө жүргөндө гана түшүнөбүз», — дейт ал. Ошондон улам, Арууке жергиликтүү сүрөтчүлөргө аянтча түзүп, арт-терапия аркылуу жаштардын чыгармачылык жөндөмүн өнүктүрүүнү максат кылган.

Ыктыярчылар менен иштөө жана иш-чараларды өткөрүү идеясы «Биргебиз» программасынан жаралган. Жалал-Абадда сапаттуу сүрөттөр аз болгондуктан, Арууке достору менен өз каражатына көргөзмө уюштурууну чечкен. Ошол учурда мобилография модада болуп, алар шаар жана анын таланттары тууралуу айтып берүүчү заманбап искусствого басым жасашкан. Даярдык учурунда шаардык музейде дээрлик эч нерсе жок экенин көрүп, жаштар өз маданий мейкиндиктерин түзүүгө шыктанышат. Жергиликтүү сүрөтчүлөрдү чогултуп өткөргөн көргөзмө чоң кызыгууну жаратат.
Жаңыча, искусствого жан берген жаш топтун бул иши мактоого арзыйт. Арууке командасы менен муну менен эле токтоп калган жок. Жаштардын алдыда искусствону күнүмдүк жашоого алып келүүгө көптөгөн кызыктуу пландары бар. Эң негизгиси алар алгачкы кадамдарды ийгиликтүү башташты.
Арууке үчүн искусство жөн гана хобби эмес, ал коомдун маданияты жана өздүгүн көрсөтүүчү маанилүү нерсе деп ишенет.
Зиядулло: Медиа аркылуу жаштардын үнүн угузуу
Зиядулло –
«Биргебиз» программасына катышкан жаштардын бири. Азыр ал Ош шаарындагы «Башкача» демилгелер тобун жетектейт. Анын окуясы билим алууга жана жакшы иштерди кылууга болгон каалоо, чоң өзгөрүүлөргө алып келерин далилдейт.
Түшүнбөстүктөн аракетке
«Биргебиз» программасына чейин Зиядулло коммуникациялык стратегия эмне экенин жана аны кантип түзүү керектигин дээрлик билбегенин айтат.
Зиядулло
Мен коммуникациялык стратегия эмне экенин түшүнчү эмесмин, сиздердин контентти көрүп, кантип жасай турганыңызды билчү эмесмин. Сиздердин тажрыйбаңызды үйрөнүп, биздин долбоорлорго да колдонгум келди», – дейт ал.

Идеянын жаралышы: медиа лагерь кантип пайда болду
Лагердин идеясы жөнөкөй байкоодон жаралган: жайында өспүрүмдөр же үйдө телефон менен отурушат, же гаджеттерге тыюу салынган лагерлерге барышат. Зиядулло жана анын командасы башка жол сунуштап, технологиялар өзүн-өзү билдирүү, чыгармачылык жана билим алуу куралы боло аларын көрсөтүүнү чечишти.
Ошентип, «Сними своё лето» аттуу чатыр медиа лагерь пайда болду. Бул жерде өспүрүмдөр жөн гана видео тартууну эмес, окуя айтуу, сынчыл ой жүгүртүү, командада иштөө жана STEM менен сторителлингдин негиздерин үйрөнүшөт.
«Биргебиз» программасында окуп жатканда катышуучулар күчтүү коммуникациялык стратегиянын маанилүүлүгүн түшүнүштү – бул лагерди жайылтуу үчүн гана эмес, катышуучуларды шыктандыруу жана долбоорду туруктуу кылуу үчүн да зарыл экен.
Зиядулло лагерди жыл сайын өткөрүп, аны башка региондорго да жеткирүүнү каалайт. Ал эми мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн өзүнчө атайын программа түзүү да — алдыдагы максаттардын бири.

«Биргебиз» программасы — эки жолдун бир түйүнү
Арууке да, Зиядулло да «Биргебиз» программасы аркылуу өз долбоорлорун ишке ашырууга күч алганын белгилешет. Көкүрөгү идеяга толо, көздөрү жанып, билимге суусап турган жаштар үчүн бул программа идеяларын тактоого, ишке ашырууга жана өздөрүнө окшогон жаштар менен таанышып, колдоо табууга мүмкүнчүлүк берген.
Алар экөө тең чыгармачылык — жөн эле хобби эмес, бул өзүн таануу, коом менен байланышуу жана өзгөрүү жаратуу үчүн күчтүү курал экенин далилдеп жатышат.